2019-жылдын 1-январынан баштап КР Мамлекеттик каттоо кызматы 16 жашка чыга элек жарандарына туулгандыгы тууралуу күбөлүккө аныктама берүүнү токтотот (вкладыш). Бул тууралуу Алматыдагы КР башкы консулдугу билдирет.
16 жашка толгондо 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алуу үчүн зарыл документтердин тизмеси:
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин бирөөсүнүн (экинчиси жок болгондо) паспорттору же арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн паспорттун (паспорттордун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- анкета-арыз, аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тариздейт;
- КР мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).
- камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: