2026-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасынын финансы министри Лань Фоань жетектеген делегация расмий сапар менен келди.

Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрүн «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Айдарбек уулу Талас расмий тосуп алды.

Делегациянын сапарынын негизги максаты — 2026-жылдын 29-майында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук (улуттук) банктарынын төрагаларынын кеңешмесине катышуу.

Белгилей кетсек, быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнө 25 жыл толууда. 

 

Маалымат булагы КРФМ 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.