2024-жылы лизинг ишмердигин* 22 компания жүргүздү, алар менен 3,7 миң келишим түзүлдү, бул 2023-жылга караганда 24%га көп. Мында бардык лизингдик келишимдер финансылык лизинг шарттарында түзүлдү.
 
Мындай келишимдердин жалпы наркы 2024-жылы 6,6 млрд. сом өлчөмүндө түзүлдү, бул 2023-жылдын деңгээлинен 208 млн.сомго аз.
 
Финансылык лизингдин түзүмүндө эң көп сумма (3,0 млрд.сом, же 45,5%) транспорт каражаттарын сатып алууга түзүлгөн келишимдерге туура келген.
 
Ошол эле учурда лизинг предмети болгон айыл чарба техникалары, машиналары жана механизмдери болгон контракттардын наркынын үлүшү 2023-жылдагы 23%дан 2024-жылы 26%га чейин өскөн, ал эми жол куруу техникасынын лизингдик келишимдеринин наркынын үлүшү тескерисинче, 24 пайыздык пунктка кыскарган.
 

*Лизинг ишмердиги – лизинг келишими боюнча ижарага берүүчүнүн (юридикалык жактар) менчик жана/же зайымдык каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.

Источник – Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.