Урматтуу мал ээлери! Бодо малдар арасында кездешүүчү нодулярдык дерматит оорусу тууралуу кыскача маалымат. Бул — бодо малдар үчүн кооптуу жугуштуу оору. Ооруган малдын дене табы көтөрүлүп, алсырап, жем-чөп жебей калышы мүмкүн. Ошондой эле терисинде майда же чоң түйүн сымал шишиктер пайда болот. Бул ооруну өзгөчө көңүл сыртында калтырууга болбойт. Себеби ал малдын сүтүнүн азайышына, арыкташына жана чарбага экономикалык зыян келтиришине себеп болушу мүмкүн. Эгер малыңыздан ушундай белгилерди байкасаңыз, эң биринчи кезекте аны башка малдардан бөлүп коюңуз. Андан кийин сөзсүз түрдө ветеринардык адиске кабар бериңиз. Өз алдынча дарылап, ооруну жашырууга аракет кылбаңыз. Оорунун алдын алуу үчүн малды өз убагында эмдетүү, мал кармаган жайларды таза кармоо жана чиркей-чиркейлерге, чымын-чиркейлерге каршы иш-чараларды жүргүзүү маанилүү. Урматтуу мал ээлери, малдын ден соолугуна кайдыгер болбоңуздар. Ооруну эрте аныктап, ветеринардык адистердин көрсөтмөсүн так аткарыңыздар!
Видео egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: