Борис Воробьев менен “Феликс” компаниясы ортосундагы 17-жылдык жарандык чыр кайрадан күчөдү. Эми мүлктү рейдерлик түрдө басып алуу маселеси пайда болду.

Бул окуя 1998-жылы башталган, ал кезде “бизнесмен” Борис Воробьев “Феликс” ЖЧКан 25 миң долларга компьютердик жабдууларды сатып алып, бирок толук төлөгөн эмес. 2002-жылы компаниянын өкүлдөрү сотко кайрылган, соттун чечими менен доогерлерге 1- бөлмөлү турак жай жана 12-кичи чөлкөмдөгү курулуп бүтө элек имараттын сатыгынан түшкөн каражат берилген. Юстиция министрлигинин эксперттик кызматы ал имаратты 23 миң долларга баалаган. Эскертсек, Воробьев жалгыз эле бул компанияга эмес, дагы 2 жаранга каражат карыз болчу. Сатылган курулуштун каражаты ушул үч доогерге бөлүнгөн.

17 жылдан кийин Ленин райондук соту Жылдыз Жумабаева Борис Воробьевдун ишти кайра кроо арызын кабыл алып, 2002-жылдагы чечимди жокко чыгарды. “Феликс” ЖЧКу 11 жыл мурун жоюлуп, турак жай 5 кожоюнун алмаштырып, 12 чөлкөмдөгү курулуш 3 кожоюнун алмаштырган фактыларын эске алган эмес. Эң кызыгы – курулуп бүтпөй калган имараттын ордуна, 2002-жылы жерди сатып алган “Делем Корпорейшн” компаниясы соода борборун курган.

Азыр DK соода комплексинин ээси “Делем Плюс” компаниясы, анын директору Сергей Юрченко борбор соттогу чырдын ортосунда экенин кокустан билип калды.

“Мен Борис Воробьевду тааныбайм, аны менен сүйлөшүп же анын компаниялары менен иштеген эмесмин. 3 жума мурун биздин юристтер соттогу процессте курулуп бүтпөй калган соода комплекстин дареги жүрөт деп айтышкан. Анда мен Воробьев менен компьютердик фирманын 17-жылдык чыры деп ойлогом. Бирок мен ЖМКда Борис Воробьевдун өкүлдөрү бул иш боюнча пикирлерин айтып жатканын окуганда, DKны рейдерлик басып алуу боюнча иш аракеттери болуп жатканын түшүндүм”, – деди Сергей Юрченко.

Бизнесмен Воробьевдун өкүлдөрү курулуп бүтпөй калган имараттын баасы 2002-жылы бир нече миллион доллар болгон деп айткандан кийин бул ойго келди. Воробьев да, анын өкүлдөрү да курулушту Минюсттун техникалык-курулуш экспертизасы баалаганын эске алган жок.

“Курулуш 23 миң доллардан кымбат болгонун далилдей алабы? Ал мамлекет менен соттошуп, 17-жыл мурун мүлктү туура эмес баалаган деп утуп алдыбы? Алар анын сөзүнө гана ишенеби? Азыр сот 2002-жылдагы чечимди жокко чыгарып, мүлктү Воробьевго кайрып берди. Бирок ал мүлк жок. Анда Воробьевго эмне берилет? Воробьев ошол кездеги каражаттан сырткары комплексти толук тартып алууга аракеттенип жатат. Комплексти сатып алгандар банктан кредиттерди алып курулушка каражаттарын сарпташкан. Жоопкер мен болуп калбадымбы? Муну кантип түшүнсө болот? Воробьевго, 17-жылдык чырга менин тиешем жок, бирок менин компаниямды рейдерлик басып алууга аракет болуп жатат?” – деп DKнын ээси ачууланды.

Комплекс эксплуатацияга 2005-жылы өткөрүлгөн. Аны куруу үчүн казак банкынан насыя алынган. 2011-жылы DKны башка компания сатып алган, бирок банктын астында дагы эле кредит боюнча милдети бар.

“17-кийин имарат 4 миллион долларга бааланды. Курулуп бүтө элек имарат кантип бир нече миллионго бааланды, ал жер Воробьедугу эмес болчу, ал 200 чарчы метрге эле ээ болгон? Жерди имаратты курган компания мамлекеттен сатып алган. Биздин мүлк соттогу чырдын ортосунда экенин эмне айтышкан жок? Бул кырдаал соттун логикасы боюнча кандай уланыш керек? Анда “Феликс” компаниясы кайра жоюлбай, биз комплексти талкалап, жерди мамлекетке берип, Воробьев өзүнүн карыздары үчүн жоготкон сарайды кайра куруп берелиби? Мен соттордун логикасын түшүнгөн жокмун! Азыр рейдерлик басып алуу аракеттери болуп жатат деп эсептейм, ошол эле учурда Воробьев жөн эле курал болуш керек, анын артында сотко басым кылган күчтөр да турушу мүмкүн”, – деп Сергей Юрченко белгиледи.

Соттун биринчи отурумуда, жоюлган компаниянын өкүлдөрү имараттын биринчи ээсин чакырып, жана Каттоо кызматынан мүлктүн ээлеринин толук тизмесин алуусун талап кылган. Сот протоколго талапты киргизип, бирок кийинки отурумда, өзүнө берген тапшырманы аткарбай, ишти токтотуп, 2002-жылдагы чечимди жокко чыгарды.

Объекттин башкы куруучусу Людмила Головкина ошол кездеги имараттын абалын айтып берди.

“Мен 2004-жылы башкы куруучу кызматыне келгенде. бул жерде таштандылар жаткан. Бул жерге арзый турган бир нерсе салынат деп ишенген эмесмин. Көп жылдардан бери үйү жок адамдар үчүн сарай болуп келген имарат жергиликтүү тургундарды коркутуп келген. Биз подвалга жетиш үчүн таштандыларды гана 5 камаз менен 10 күн ташыганбыз. Имарат экинчи кабатка чейин курулган болчу. Таштандыларды жыйнап, имаратты көтөрүп турган дубалдарын калтырып, азыркы учурда турган комплексти курганбыз. Ал кездеги сарай 200 чарчы метрди ээлеген, бүгүн DK 7 миң чарчы квадратты ээлейт”, – деди Людмила Головкина.

Соода комплексинин ээлери ак ниеттүү кожоюндардын мүлкүн тартып алып, соттук чырдар үчүн жүздөгөн адам жумушсуз калат деп коркунучта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.