2018-жылдын төртүнчү чейрегинде жалпы узундугу 15 239 метрди түзгɵн 60 колонкалуу бургулоо скважинасы бургуланды. 2018-жылы жалпы узундугу 24 381 метрди түзгɵн 92 скважина бургуланып. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компани” ААКнун жыйынтык отчетунда айтылган.
Маалыматка ылайык, чалгындоо бургулоо иштери Борбордук карьердин түндүк-чыгыш бортунда, Борбордук жана Түштүк-батыш карьерлеринин ортосундагы коридордо, ошондой эле түндүк-чыгыш иш зонасынын капталдарында кошумча ресурстарды издɵɵ максатын кɵздɵп, жер кыртышына жакын жайгашкан минералдашуу зоналарын аныктоо үчүн жүргүзүлгɵн.
Эскертсек, акыркы жылдары канадалык инвесторлор менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы көз караштык келбестиктен чалгындоо иштери каржыланган эмес. Борбордук карьердеги иштер 2023-жылы токтотулат, руданы өндүрү фабриканын иши 2026-жылы токтогондон кийин, кен жабылып күрдүүлүгүн калыбына келтирүү иштери башталат.
Бирок, токтотуу мөөнөтү жылуу мүмкүн. Азырынча инвестор Борбордук, Түштүк-батыш, Түндүк-чыгыш жана Сары-Төр участокторунда 2 жылдык геочалгындоо иштерин баштаган. Бул иштерге “Центерра” 2018-жылы 6,5 млн доллар жумшаган. 2019-жылы геочалгындоо иштерине дагы 11 млн доллар каралган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: