Министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова Ош облусунун Араван жана Ноокат райондоруна жумушчу сапар менен барып, «Ноокат Алмасы» ССКК, «Баглан» СХК, «Ак Чангал» КСК, «Азиз Ата» ЖЧК жана «Сонун Курут» ЖЧК ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Сапардын жүрүшүндө органикалык өндүрүштү өнүктүрүү, кайра иштетүү, сактоо жана экспорт маселелери талкууланды.
«Ноокат Алмасы» ССККда интенсивдүү алма жана алча бактары, тамчылатып сугаруу системасы жана фермерлерди окутуучу борбор менен таанышты. «Баглан» СХКда тоолуу аймактагы бактарды өстүрүү жана органикалык стандарттарга өтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. «Азиз Ата» ЖЧКда 600 тоннага чейин продукция сактоочу логистикалык борбордун иши жана мөмө-жемиштерди, анын ичинде Түркияга экспорттоо маселелери каралды. «Сонун Курут» ЖЧКда азык-түлүк үчүн пластикалык таңгак өндүрүшү менен таанышты.
Сапардын жыйынтыгында Араван жана Ноокат райондорунун органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн чоң потенциалы бар экени белгиленди. Негизги максат — өндүрүүдөн тартып сертификация, кайра иштетүү, таңгактоо, сактоо жана экспортко чейинки бирдиктүү чынжырды түзүү.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: