Парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары Кыргызстандын мөңгүлөрүнө “кам көрүү” кадамдары байкалат. Депутаттар Давыдов менен Лысый мөңгүлөрдүн жанында иш алып барууга тыюу салууну талап кылышты. Бирок, бул демилге негизсиз, эгерде колдо тапса мамлекеттин тоо кен ишкалары толук ищмердигин токтотот. Бул тууралуу академик Дүйшөн Маматканов билдирди.
Окумушту Кыргызстанда мыйзамдар кабыл алынып, алар иштебегенине нааразы. Андан сырткары, иштебеген мыйзамга дагы бир нече өзгөртүүлөргө көңүл буруп убакытты кетиришет.
«Бул маселени Жогорку Кеңеште талкуулоонун негизи жок. Депутаттар суунун баасын санап сатыш керек деген чечимге келишкен. Анда сууну ким сатат? Негизи эле суунун ээси ким? Эл аралык сууларды колдонуу боюнча сүйлөшүүлөр жургүзүлүп жатканда суунун ээси аныкталган эмес. Суу кодекси 2004 жылы кабыл алынып, ага көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилген, бирок мыйзам өзү иштебейт. Эгерде иштесе, “суу администрациясы” түзүлүп суу сатылмак», – деди Маматканов.
Депутаттык демилгелер негизсиз экенин башка да адистер тастыкташат. Изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык Кыргызстандагы муздар өткөн кылымдын ортосунан бери ээрип баштаган. Муну тастыктап эколог Ирина Кутманова Таластагы Жерүйдүн мөңгүлөрү жөнүндө айтып берди.
«Биз Жерүйдү курчаган 9 мөңгүнү изилдегенбиз. Жерүй ишканасы ишти баштай элек, бирок 1968-2017-жылдардын ичинде мөңгүлөр 40-60%га ээриген», – деп эксперт белгиледи.
Экологдордун айтымында, депутаттар Суу кодексинин маселесин көтөрүп элди дуулдадып жатат.
«Давыдов мөңгүсүн астын алтынга жетиш үчүн алынган. Сары-Төр мөңгүсү толук сакталган. Давыдовдун этегине гана кол тийген. Ак-Шыйракта 2 миң мөңгү жайгашкан, бирок алардын баары ээрип жатат. Себеп – дүйнөлүк жылуу тартуу», -деп гляциолог Рыскул Усубалиев айтып берди.
Эскертсек, атамекенчилер коргогон мөңгүнүн суусу ичүүгө жарабайт. Анткени, Тянь-Шань тоолорун азиянын уулу ээндери курчайт. Ушул ээндерден шамал үйлөп, Кыргызстандагы мөңгүлөрдү топурак менен каптайт. Каптаган “жылуу жууркан” муздун ээриген процессин күчөтөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: