Суу ресурстары. айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Мамлекеттик финансылык холдингдин менен биргеликте дыйкан-фермерлерге сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын киргизүү багытындагы долбоор бирге ишке ашырылууда.

Дыйкан фермерлерге тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, сугат суусун үнөмдүү пайдаланууну каалаган дыйкандар үчүн 2% менен насыя ала алышат.

Аталган багытты каржылоого 200 млн сом каралган. Насыянын мөөнөтү 7 жылга чейин, ал эми 1 жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган.

Насыяны кандай максатта алса болот?

тамчылатып сугаруу системаларын орнотууга;

сугат суусун үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга;

заманбап сугат технологияларын айыл чарбасына киргизүүгө;

түшүмдүүлүктү жана айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн жогорулатууга.

Насыя алууга дыйкан-фермерлер, жеке жактар жана юридикалык жактар белгиленген талаптарга ылайык кайрыла алышат.

Арыз берүү жана насыянын шарттары боюнча толук маалыматты райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынан алууга болот.

Министрлик айыл чарбасында сууну үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири жайылтууну колдойт. Тамчылатып сугаруу — сууну сарамжалдуу пайдаланууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана дыйкандын эмгегинин натыйжасын арттырууга багытталган бүгүнкү күндүн талабына жооп берген натыйжалуу технология.

Арыздарды кабыл алуу уланууда.

Маалымат булагы  egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.