Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы көл жээктерине желим идиштер үчүн урналар орнотулду. Анын негизги максаты экологияны зыяндуу заттардан арылтууга багытталат. Бул тууралуу шаардагы көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо мекемесинин жетекчиси Марат Таржиев билдирди.

Анын айтымында, “Толкун”, “Сейил” жана “Почта” пляждарына бирден контейнер коюлган.

“Желим бөтөлкөлөр 100 жылда чирип жок болот. Мындан улам пляжга келгендер бөтөлкөлөрдү туш келди ыргытпашы үчүн атайын контейнерлерди орноттук”, — деди Таржиев

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.