Ысык-Кѳлдѳ үй бүлѳлүк дарыгерлер тобуна 8 тез жардам унаа жаңыланды. Кызматтык унааны алууга «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунан ѳткѳн 2018-жылы 7 миллион 400 миӊ сом бөлүнгѳн. Эми дагы 20 пайыздык маселени чечүү керектигин облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору Мирбек Сагынбаев билдирди.

Анын 3 Караколго, 2 Ак-Сууга, 1 Балыкчыга, 1 Жети- Ѳгүзгѳ, жанга Ананьевого 1 бѳлүштүрүлгѳн. Анткен себеби, бул үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунда унаалар эскирип, калкка сапаттуу кызмат кѳрсѳтѳ албай калган. 

«Облуста 2003-жылдан бери кызматтык унаалар жаӊыланбай келип, тез жардамга чыгуу үчүн бригадалык топ жетишпей келишкен. Бул маселе ѳзгѳчѳ Каракол шаары менен Ак-Суу районунда күч болчу. Мисалы саламаттыкты сактоо тармагында 9 миӊ кишиге 1 тез жардам кызмат көрсөтүүсү керек болсо, 70 миң калкы бар облус борборунда 2 унаа тез жардамга чыкчу. Учурда кызматтык унаалар жаңыланып, ак халатчандардын ишин бир топ жеңилдетип отурат»,-деди даарыгер.

Эскертсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтор Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.