Ысык-Көл районунда 7 пансионатта саркынды сууну тазалоочу жайы жараксыз абалда. Курулуш иштерин жаӊылоого акча каражаты жетпей турганын облустук эс алуучу жайлар ассоциациясынын төрагасы Акжолтой Насирдинов билдирди.
Маалыматка ылайык, 2 эс алуу жай мамлекеттин карамагында болсо, калгандары жеке менчик болуп саналат. Кеминде 100 миӊ доллардык наркты түзгөн чыпкалоочу жай курууга алардын акча каражаты жетишсиз. Эми алдыда жайкы көлгө түшүү мезгилинде иштөөгө чек коюлат.
«Ысык-Көл районунда пансионат, санаторийлердин саны 168ге жетти. Бүгүнкү күндө 20дай эс алуу жайга заманбап үлгүдө саркынды сууну тазалоочу жай курулса, көбүн жеке менчик ээлери. Тилекке каршы мамлекеттин карамагындагы эс алуу жайларда союздан калган чыпкалоочу 100дөй курулмалар эскирип, касметикалык оӊдоо гана ишке ашып келет»,-деди Насирдинов.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: