Ысык-Көлдүн экологиясын кантип сактап калуу кадамдары бар? Бул маселени Мамлекеттик санитардык көзөмөл кызматынын жетекчиси Курманбек Омуралиев көтөрүп, келечекте Кыргызстан Ысык-Көлдү жоготуп алуу мүмкүнү бар деген. Анын айтымында, аймакка антропогендик жана техникалык жүктөө байкалат. Аны менен бул кадамдардын найтыжасын жоготуу үчүн тез арада иш чараларды ишке ашыруу зарыл.

Ысык-Көлдүн экологиясына негизги таасирди жээктин боюнда имараттарды куруу тийгизет. Салынган пансионаттардын тазалоо курулуштары жоктугу эксе алынбайт.

«Табиятка варвардык мамиле кылсак, аны бат эле талкап салсак болот. Жайкы мезгилден кийин Ысык-Көл өзүн өзү тазалап калыбына келүү үчүн көп убакыт керек. Жээктеги коттедж, мейманкалардын тазалоо курулуштары флора менен фаунага терс таасирин берет», – деп Курманбек Омуралиев айтты.

Экологиянын абалын таштандылардын маселеси күчөтөт, анткени сезон бүткөндөн кийин таштандыларды мыйзамсыз үйүп салгандар көп.

«Кыргызстанда Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүгүү концепциясы кабыл алынган, бирок ал кагазда гана калган. Аны ишке ашыруу үчүн мыйзам чыгаруучу жана мамлекеттик кызматтар бар. Бирок эч ким жоопко тартылган жок», – деп адис даттанды.

Омуралиев Ысык-Көлдү сактап калуу үчүн атайын мыйзам кабыл алып ар бир кадамга регламент коюш керек деп ишенет.

«Көлдүн абалы боюнча баардык профилдик, көзөмөл министрлигтер, ведомстволор, окумуштуулар өздөрүнүн отчетторун жарыялап туруу зарыл. Санаторийлер тазалоо курулуштарын салып, альтернативдүү отунга өтүп, газ менен жылытуу системасына өтүп таштандысыз технологиялырды ишке киргизүү керек. Пансионаттар менен жеке ишкерлер инфраструктурага салымын кошуп туруу зарыл. Андан сырткары, бактарды кыюуга, жээктеги мергенчиликкет тыюу салуу керек», – деди адис.

Экологияны сактап жоопкерчиликти жогорулатуу

2018-жылдын апрелинде ьул маселе менен кыргыз бийлигне “Жашылдар партиясынын” торагасы Эркин Булекбаев кайрылган. Экоактивисттин айтымында, мамлекеттин 90% жери тоодо жайгашат, ошондуктан эффективдүү жер аябай аз. Кыргызстандын башка өзгөчөлүгү – табияттын байлуу рекреациялык мүмкүну жана кол тийбеген ландшафттар. Кыргызстан планетанын экологиялык приоритеттүү аймактардын 200дүн ичине кирет, бизде дүйнөлүк флоранын 2% өсүп, фаунанын 3% жайгашкан. Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын бири эндемиктерге тийиштүү.

“Экологиялык маселенин терс таасирлери калктын ден соолугуна зыян алып келет. БУУнун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 90 калдык сактагычта 286 млн тонна уулуу заттар жайгашкан. Алардын баары суулардын, калктуу конуштардын жанында болуп, коркунуч пайда кылат”, – деди Булекбаев.

Малды туура эмес жайыты, бактарды кыюу, мергенчилик жана браконьердик кылмыштар экологду тынчыздандырат.

«Жаныбарлардын 92 түрү, өсүмдүктөрдүн 65 түрү жоголуп кетүүгө жакын. Коруктарда бузуулар көп катталат. Коомчулукту таштандылардын маселеси тынчсыздандырып турат», – деп Булекбаев басмалады.

Активисттин айтымында, Кыргызстандын экологиясына табигый ресурстарын үнөмдүү, кылдат пайдалануу жардам берет. Ошондуктан табият системасын коргоп калыбына келтирүү зарыл. Аны менен калктын социалдык жоопкерчилигин жогорулатып табяитка жардам берүу керек.

Кендер кардуубу?

Ысык-Көл обулусунун маселесинин алкагында аймакта иштеген тоо кен ишканалар талкууга алынат. Жакында эле Кызыл-Омполдогу чырдын күбөсү болдук.

Эскертсек, уран кениндеги «ЮрАзия Кыргызстан» ишканасынын ишмердиги коомчулуктун ачуусун келтирди. Жарандык активисттер кыргыз өкмөтүн Кызыл-Омполдун өндүрүүсүн токтотууга чакырышты. Жыйынтыкта «ЮрАзия» Таш-Булак кениндеги ишин токтотуп, өкмөт тарабынан Кыргызстандагы уранды өндүрүү иштерине тыюу салынды.

Коопту Кажы-Сай

«Тоо кен тармагынын өнүгүүсүнүн оң жагы менен терс таасирди берген жактары бар. Булар техногендин түрдөгү катастрофалардын коркунучу. Бирок, тоо кен тармагын өнүктүрбөй коюу деген туура эмес. Тоо кен ишканаларында жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыздоо зарыл. Ошондо экологияга тийгизүү таасирисин төмөндөтүүгө мүмкүн болот”, – деп Мамлекеттик паенттик-техникалык китепкананын мониторингинде белгиленген. 

Адистердин байкоосу боюнча, эң жарык маселен – Кажы-Сайдын калдык сактагычы болду.

«Калдыктар жайгашкан райондордо абанын булгануу деңгээли бүт нормадан ашык. Анын алкагында жердин астындагы суулардын гидрохимикалык түзүмү бузулуп жатат. Ачык тоолуу иштери үчүн ландшафт тынчысздандырып турат. Карьерлердин рекультивациясын ишмердиктин аягына калтырып салышат, кээ бир учурда каражаттын жетишсиздигинен ал иштер аяктабай калат», – деп МПТКа белгилейт.

Кажы-Сайдын өндүрүү аянты менен калдык сактагычы көлдүн жээгинен 1,5 км жайгашкан. Объекттин абалы оор – сууларды агызып кетүү системы бузуглан, калдыктар сакталган жерде эрозиялык процесстер башталган. Натыйжада радиоактивдүү калдыктар, оор металлдар жана уулуу заттар абаны, жерди, сууну уулайт.

Кумтөргө теңелүү

МПТКнын адистери Ысык-Колдөгү жалгыз үлгүлүү ишмердикте «Кумтөр Голд Компани» ЖАКну белгилешет.

«Ишкананын экологиялык жана өндүрүү каталарынын саны эң аз. Бул ишканада тоолордогу иштерден кийин рекультивациясына атайын каржы эсеби ачылган», – деп адистер белгилейт.

Эскертсек, 1995-жылы “Кумтөр” рекультивация иштери үчүн Фонд негиздеп, кенди эксплуатациядан чыгаруу үчүн атайын каражаттарды которуп турат. Андан сырткары, ишкана облустагы экологиялык долбоорлорду колдоп, айлана чөйрөнү коргоо ишмердигин каржылайт. «Кумтөр Голд Компанинин» адистеринин изилдөөсүнөн сырткары, ишкана эл аралык окумуштуулар, КР Улуттук академиясынын изилдөөчүлөрү менен кызматташат. Кендин жеринде 2012-жылдан бери КР улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү ишин алып барат. Алар жердин рекультивация ыкмаларын издөө иштерин аткарат.

Ал ишмердик эмнеге керек деген суроо пайда болот? Рекультивация өндүрүү процесстеринен кийин жердин кайра калыбына келтирүу иштери болуп саналат. 2026-жылы Кумтөрдөгү иштердин баары токтогондон кийин бузулган жердин үстүнөн экологияга туура келген ландшафт каптап калат. Азыркы тапта кенде 115 өсүмдүктөрдүн түрү өсөт.

Рекультивацияга арналган изилдөөлөрдөн сырткары, “КГКин” адистери Барскоондогу автожолду, Марко Поло текелеринин, тоо эчкилердин, карышкыр. түлкүлөрдүн санын көзөмөлдөп турат. “Кумтөр” 30 станциянын жардамы менен суу ресурстарын, Чон Сарытор, Кичи Сарытор жана Лысыйдан чыккан суунун абалын жана Петров көлмөсүнүн абалын көзөмөлдөйт.

Таштандыларды чогултуу маданияты

Таштандыларды чогултуу процесстеринде “КГК” эл аралык стандарттар менен ишин алып барат. Бугүнкү күндө жергиликтүү жалданган мекемелер пластик, темир, аккумуляторлорду, бактарды майларды кайрадан толугу менен иштетип чыгат. Кенде атайын май сактоочу жайы уюштурулган.

Таштандыларды толугу иштетүү маданиятын “КГК” ысык-көлдүктөргө таратууну аракет кылат. Ишкана жергиликтүү бийликке ишмебиликтерди өткөрүүгө жардамын берет. 2017-2018-жылы Балыкчыда, Жети-Өгүз, Тон райондорунда иш аракеттер өткөрүлгөн. Жүздөгөң адамдар топторго бөлүнүп: пластик айнек, кайра иштетилбеген таштандыларды чогулткан.

«Экологиялык долбоорлорго катышуу биз үчүн маанилүү. Ысык-Көл биздин берметибиз. Анын абалынын жоопкерчилиги биздин моюнубузда. Бизге жардам берген жаш балдар аябай кубанычтырат. Булар чоңойгондо көлдүн жээгине таштандыларды ыргытпайт деп ишенем», – деп “КГКнын” өкүлү Кадыр Керимкулов айтып берди.

Жаныбарлар үчүн коркунуч жок

“Кумтөр” Сарчат-Эрташ коругуна да жардам берет. Активисттердин жардамы менен ишкана аймактын экологиялык маселелерин чечүүгө аракетин кылат. Корук 2001-жылы БУКу негиздеген Ысык-Көлдүн биосфералык зонасына кирет.

«Албетте, ишкананын ишмердиги айлана чөйрөгө таасирин берет. Бирок жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрү көбөйдү. Бул “Кумтөрдүн” аймагындагы мергенчиликке, кендин жанында жайыттарга тыюу салынгандын натыйжасы», – деп «КГКнын» өкүлдөрү басмалайт.

Мергенчиликке тыюу браконьерлерге кыйынчылк болду. Коруктагы аркарлардын саны 750дөн 2 миң 50гө чейин жогорулады. Тоо эчкилердин саны 700дөн жогору. Коруктун ичиндеги илбирстин саны да көбөйгөнүн изилдиөөлөр далилдейт. Азырынча алардын саны 20га жакын.

«Коруктагы илбирстин саны көбөйгөнү бийик тоолу экосистема жардам берет», – деп Элет.media редакциясына эколог Эмиль Шукуров айтып берген.

«Кумтөр архарларды, түлкүлөрдү жана карышкыларды бир жерден көрүп, сүрөткө тартууга мүмкүн болгон чанда жер. Кендеги жаныбарлар адамды коркунуч нерсе деп санабайт. Коруктун кенге жакындыгы туура таасирин берет», – деп экологдун сөздөрүн экоактивист, фотограф Влад Ушаков толуктайт.

Алардын создөрүн Snow leopard trust Илбирсти сактоочу фондунун сүрөттөрү тастыктайт. Уюм орноштурган фотокармагычтар илбирстерди, текелерди, архарларды, карышкырларды, сүлөөсүндөрдү жана аюуларды тартып алган.

«Кумтөр ишмердигин экологиялык нормалардын чегинен чыкпай алып барат. Операциялык ишмердик токтогондон кийин кен коопсуздук абалда калат. Биз өндүрүүнүн таасирин азайтуу иштерин аткаруу милдетибизди аткарабыз», – деп ишкананын өкүлдөрү сөз берди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.