Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын үчүнчү чейректкги өндүрүшүн жыйынтыкташты.
КГК 2018-жылдын алгачкы тогуз айында 306 миң 467 унция же 9 миң 532,76 кг алтын өндүрүп, 5,66 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.
2018-жылдын үчүнчү чейрегинде КР бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,5 миллиард сомдон ашты.
Кумтөрдүн салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү тогуз айдагы салымы
Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык–Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.
Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 30-сентябрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,8 млн унция же 367,21 тонна алтын өндүрүлгөн.
«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.
«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек, Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.
Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири акционери. 2018-жыл, 14-ноябрга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 285 млн доллардан ашты.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: