2019-жылдын 1-январынан тарта жана 2021-жылдын 1-январына чейин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Министр Олег Панкратов маалымдагандай, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, дал ушул механизм – бизнестин ишине кийлигишпестен, рыноктогу коопсуз продукцияны камсыздоого жетиштүү.

«Сунушталган мораторий мамлекеттик органдардын бизнес менен өз-ара аракеттешүүсүнүн заманбап ыкмаларына өтүүсүн стимулдаштырууга багытталган. Биринчи кезекте бул салык кызматына тийиштүү. Бүгүн биз салык төлөмүн башкарууну маалыматташтыруу тутуму үстүндө активдүү иш алып баруудабыз, мында салык кызматы бардык бүтүмдөрдү, товарлардын жылышын, салык төлөмүн чегерүүнүн тууралыгын онлайн режимде көрүп турат. Ушул механизмдин киргизилиши менен ишканада инспектордун катышуусундагы текшерүүгө муктаждыктар жана коррупция деңгээли толугу менен жоюлат деп ишенем», – деп эсептейт Олег Панкратов.

Мораторий төмөнкү ыйгарым укуктуу органдардын ишкерлик субъекттерди текшерүүсүнө жайылтылат:

  • КР Социалдык фонду;
  • Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;
  • Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;
  • Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы;
  • Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы;
  • Финансы министрлигине караштуу Баалуу таштар департаменти;
  • Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;
  • Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө башкармалыгы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.