2019-жылдын III чейрегинде «Кумтөр» кенинде 67 скважиналары бургуланып жалпы узундугу 18 миң 215 метрди түзгɵн. Анын ичине «Хоккей клюшкасы» зонасындагы запастарды тактоо максатында тыгыздап бургуланган 11 472 метр да кирген. Бул тууралуу ишкананын отчетунда билдирилди.  

«Кумтөр» кениндеги геологиялык чалгындоо иштери Борбордук карьердин капталдарында  кошумча минерализация аймактарын табууга багытталган. Кенди иштетүү мɵɵнɵтүн узартуу үчүн ɵзгɵчɵ кɵңүл “Хоккей клюшкасы” зонасына жана “SB” зонасынын тɵмɵнкү горизонтторуна бɵлүнгɵн. Ошондой эле, геологиялык чалгындоо иштеринин максаты ачык ыкма менен иштетүү ресурстарын кɵбɵйтүү үчүн Борбордук карьердин түндүк-чыгыш боорундагы, Борбордук жана Түштүк-батыш карьерлеринин ортосундагы, ошондой эле, Сарытөр участогунун капталындагы жер бетине чыккан зоналарынын минерализация потенциалын тактоо. 

Бургулоонун натыйжалары менен бургулоо скважиналары жайгашкан маалымат жана Кумтөр кенинин картасы  SEDAR (Канаданын электрондук маалымат талдоо жана издөө) системасына  www.sedar.com жүктɵлгɵн жана www.centerragold.com веб-сайтында жеткиликтүү. 

Эскертсек, 2019-жылдын август айында КР өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн комплекстүү келишимдин күчүнө толук кирүүсүн алдын алуучу бардык шарттар аткарылды жана 2019-жылдын 26-августунда Стратегиялык келишим күчүнө кирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.