Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылында жайгашкан “Ысык-Көл” канаттуулар фабрикасы бизнести кеӊейтүүнү көздөйт. Советтер союзунун мезгилинен калган фабриканын жабдуулары эскирип, жаӊылоо талабына алып келди. Бул тууралуу аталган чарбачылыктын жетекчиси Сталбек Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, учурда жумуртка жана эт багытында жалпы 170 миӊ үй канаттуулары багылууда. Учурда сандык крсөткүчтү кеӊейтип, Кытай жана Орусияга экспортко чыгуу үчүн тооктун санын 300 миӊге жеткирүү планы турат. Ѳндүрүштө цехтер эскиргендикен жаӊылоо керек.

«Биз Кыргызстанга жана чет өлкөгө айыл чарба продукциясын экспорттоого канаттуулардын санын дагы кеӊейтели деп максат койдук. Маселен, союз учурунан калган инкубатор, жөжө багылуучу цехтер эскирип, жарактан чыгып калганы өкүнүчтүү. Кайрадан жаӊылоого 2 миллион 700 миӊ сомдон жогору акча керектелет экен. Алдыда «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусуна кайрылып, ссуда катары насыя алууга кайрылабыз. Эгер биздин долбоор колдоо тапса айыл эли жумуш оорду менен камсыздалып, киреше алып келүүчү булакка айланмак»,-деди Мамбеталиев.

Эске сала кетсек, быйылкы 2019-жылдан тарта ар бир районго каралган каражаттын 10%ы мамлекеттик жана жеке менчик ишкерлерин колдоого жумшалат. Жобого ылайык 3 жылдык мөөнөттө 2 млн сомдон 10 млн сомго чейин каражат ала алышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.