Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Казакстандын премьер-министрдин милдетин аткаруучу Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчылар кыргыз айыл чарба продукцияларын казакстандык рынокко чыгарууга чектөөгө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. Бул маселени өз ара пайдалуу шарттарда тез арада чечүү жолдору талкууланды.

Аталган маселени чечүү максатында премьер-министрлер Астана шаарында өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү тууралуу макулдашышты, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча кыргыз тарабынан делегация жөнөйт.

Эскертсек, Казакстан Кыргызстандын картошка, алма жана хурманын экспортуна чектөө киргизген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.