Жети-Ѳгүз районунун Тамга айылына «Бир айыл, бир продукт» ассоциациясынын демилгеси менен жүндү кайра иштетүүчү цех ачылды. Чакан ишкананын имаратына, керектүү эмэректер үчүн «Кумтөр» ЖАКусу 20 миӊ доллар бөлдү. Бул тууралуу алтын кендин алдындагы «Туруктуу Ѳнүгүү» долбоорунун башкы адиси Мээрим Маткулова билдирди.

Анын айтымында элетке ачылган кайра иштетүүчү ишканасы райондогу Тамга, Тосор айылынын 50гө жакын кыз-келинин жумуш оорду менен камсыздалат. Жүндөн даярдалган оюнчук, сувенирлер Японияга экспорттолот.

«Компания негизинен элет жергесине жумуш орундарды түзуп, кошумча киреше табуу максатын көздөйт. Бул багытта ушул райондун Жети-Ѳгүз айылына да чакан цех ишке берилген. Бул жолу алтын кен Тамга жана Тилекемат кыштактарына көмөк көргөздү. Азыркы жүндү иштетүүдө Япония мамлекети буйрутмаларды берди, жакын арада даярдалган продукция экспорттоло баштайт», – деди Маткулова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.