2023-жылдын 27-марттынан 3-апрелге чейин Эстонияда Европа комиссиясынын колдоосу менен «Кыргызстанда санариптештирүүнү колдоо» (2021-2024) твининг-долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынан делегация барды. Жумушчу визиттин максаты жогорку технологиялар жаатындагы эл аралык алдыңкы тажрыйбаны өздөштүрүү болуп саналат.

Делегациянын курамы: Кыргыз Республикасыные Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директордун орун басары -А.А. Аттокуров, электрондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы -Б. З. Садирова, электрондук башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси -А. Б. Азаматов, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси -М.Ж. Маратбекова, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү.

Учурда санариптештирүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Аларга Кыргыз жана Эстон тараптарынын да кызыгуусу бар.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.