КР Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 6 миллион 526 миң 683 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

ЭККМК тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы  254 миллион 287 миң 545 сомду түздү.

Каражаттарды министрлик көзөмөлдөп, өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.