Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп 2018-жылдын 3-июлда ачылган. Азырынча эсеп 255,5 млн сомго толукталды. Бул тууралуу Каржы мнистрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эсепке эң көп каражат УКМКнын тарабынан толукталды – 132,7 млн сом. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 63,3 млн сом которду. Башкы прокуратура 59,3 млн сомго толуктады. ИИМнин тарабынан 533 миң сом которулду.

Өндүрүлгөн каражатты Каржы министрлиги көзөмөлдөп, өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрөт

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.