Бир нече убакыт мурун Бишкекте коомдук жана саясий ишмерлердин катышуусу менен Улуттук курултай өттү (Медеткан Шеримкулов, Мукар Чолпонбаев, Азимбек Бекназаров, Дастан Сарыгулов). Катышуучулар өздөрүн “Кыргызстандын коомдук-саясат жана патриоттук күчтөр” деп атап, күзгү убакытка чейин 2018-жылдын ноябрь айында коюлган талаптарды президенттин Аппараты, өкмөттүн жана Жогорку кеңештин тарабына аткарууну талап кылып, азырки бийлик менен экс-президент Алмазбек Атамбаевди сынга салышты.

Эскертсек, активисттер “Кумтөр” долбоору боюнча денонсациялоо жана конституциялык өзгөртүүлөрдү баштоону сунуштаган. Андан сырткары, соттолгон саясатчылардын кылмыш иштерин кайра карап, экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоону талап кылышкан. 

Буга чейин КР экс-башкы прокурору Азимбек Бекназаровдун айтымында, демилгечи топ референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап 10 миң колдоочулардын колун чогултууну баштаган. Эгерде активисттер керектүү добуш чогултса, долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

Канадалык Centerra Gold Inc. менен келишимди бузуу маселесин Бекназаров биринчи жолу көтөргөн жок.

«Денонсация варианты – жумшак кадам деп санасак болот. Анткени, кыргыз өкмөтүнө жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого мүмкүн берет. «Кумтөр» ишканасын улутташтыруу – бул катуу альтернатива болот», – деп экс-прокурор белгиледи.

Соттолгондордун иштерин кароо демилгеси түшүнүктү (Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун иштери боюнча жаңы чечимдерди кабыл алган), бирок курултайлыктар үчүн «Центерра» менен келишимди бузуу дагы деле актуалдуу.

Бекназаровдун популисттик билдирүүлөрү Кыргызстанга кандай коркунуч туудурат?

Эксперттердин айтымында, «Кумтөр» өлкөнүн бийлигинин чет өлкөлүк өнөктөштөргө мамилесин көрсөтүп инвестициялык абалдын көрсөткүч үлгүсү.

“Ишканалар Кыргызстандын рыногуна кирүү чечимин кабыл аларда «Кумтөрдүн» тегерегиндеги абалды изилдейт. Ар бир потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргөндө «Кумтөр» жөнүндө суроолордо башталып жыйынтыктай”, – деп КР Тоо кен гильдиясынын вице-президенти Анатолий Долгов басмалайт.

«Биз табигый ресурстарына бай мамлекет эмесбиз, бирок алар бизде бар. Келечекте тоо кен тармагынын ИПДсы жогорулаганга мүмкүн бар. Акыркы убакытта мен Кыргызстандын экологиясынын сактоо үчүн тоо кен тармагындагы долбоорлордон баш тартуу керек деген чакырууларды угуп жүрөм. Биз андайга бара албайбыз. Экологиялык стандарттарды катуу караган өнүккөн мамлекеттер да тоо кен тармагынан баш тартууга мүмкүнү жок», – деп экономист Азамат Акенеев өзүнүн бир маегинде айткан.

Эксперттин айтымында, Кумтөр жана Жерүй алтын кендердин тегерегиндеги чырлар инвестициялык абалга жардам бербейт.

«Инвесторлор мамлекеттин чет элдик компанияларга карата мамилесин эске алат. Өлкөдө мыйзам сыйланбаса инвесторду коргоо жөнүндө сөз жок. Тоо кен тармагында бизде эки ири ишкана бар – «Альянс Алтын» жана «Кумтөр». Бул ишканалардын абийири жогору, чет элде таанылуу, алып баруучу биржаларда белгиленген ишканалар. Бирок аларды биз тынч иштеткен жокбуз. Мамлекет болсо элдин асылуусунан, негизсиз текшерүүдөн коргогон жок. Өлкөдө стратегиялык ишканпларды коргобогондон кийин чет элдик инвесторлор бизге келгенден баш тартат», – деп эксперт басмалады.

Мамлекеттик кызматтардын Кумтөргө карата “махабатын” капаланткан статистика көрсөтөт: 2012-2018- жылдар «Кумтөр Голд Компани» көзөмөл органдардан $465 млн доо алган.

Маселени чечүү жолдору кандай?

«Эл аралык тажрыйба менен Кыргызстанды салыштырмалуудан кийин, биздин өлкөдө экономиканын өнүгүүсүнүн аралаш моделин ишке киргизүү туура. Өндүрүш секторсуз, мамлекеттер туруктуу өнүккөнгө мүмкүнү жок. Кыргыз Республикасынын өндүрүш жайы начар абалда. ИПДда өндүрүштүн көлөмү 19% болсо да, 40% “Кумтөр” камсыздайт», – деп Саясат-укуктук изилдөө борборунун адистери белгилеген.

Аналитиктердин айтымында, Кыргызстан артта калбаш үчүн экономикасы жыл сайын 6-7%га өсүш керек.

«Өндүрүш жайдын өнүктүрүүсү боюнча конкреттүү программа керек. Аны бийлик кабыл алыш керек. Бул  программаны кабыл алышса, экономикадан сырткары, саясат кырдаалына позитивдүү таасирин тийгизет. Мамлекет приоритеттүү деп тандалган өндүрүштөгү тармактарды каржылап, интеллектуалдык, эмгек күчтөрдү жумшоо зарыл. Ал үчүн ишкерлерге узун мөөнөттү стимул керек», – дейт эксперттер.

Кыргызстан инвесторлорго каршыбы?

Кыргыз бийлиги «Кумтөр» долбоору боюнча келишимди бузуу кадамына барса кандай коркунучтар күтүп жатканын ойлонуу зарыл. Республикабыз эл аралык соттордо жоопкер болгону жетиштүү. Азыркы убакыттагы эң белгилүү чыр «РусГидронун» соту. 2018-жылдын ноябрь айынан тартып Гаагадагы эл аралык арбитраждык сот бул инвестордун 37 миллиондук доосун карап жатат. Кыргыз паспортторунун чырына илинген Литвалык Garsu pasaulis дагы сотко барууга даяр.

Centerra Gold Inc. менен келишимди бузган учурда расмий Бишкек соттон кача албайт. Андан сырткары, мамлекет миллиарддаган каржыдан, 2700 жумушчулар жумуш ордуларынан айрылат (салык, аффинаждык төлөмдөр, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ишмердиги, кайрымдуулук). Кумтөр Голд Компаний» дүн кирешесинен 1% түзүлгөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун, бир нече соиалдык долбоорлордун тагдыры кыйылат.

Ошондуктан, Бекназаров жана анын Курултайдагы өнөктөштөрүнүң сөзүн таразага коюп туура чечимге келүү зарыл?!

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.