Кыргызстандагы ишмердиктин, санатордук-курорттук туризмдин ийгиликтүү өнүгүшүн көрсөткөн Ысык-Көл облусу жергиликтүү бийлик өлкөнүн экономикасын көтөргөн ишканалар менен өнөктөштүгүнүн үлгүсү деп санасак болот. Маселен, бюджет тузүүчү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКун айтсак.

Облуста Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна «Кумтөр Голд Компани» дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражатын которот. Акыркы 9 жылдан бери карай турган болсок, жалпысынан 70ке жакын социалдык мекемелердин курулуш иштери аяктап, айыл кыштактардын таза суу, жолдорун реконструкциясын жана башка инфраструктураны финансылоого да мүмкүндүк берди.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аркылуу «Кумтөр Голд Компани» менен кызматташуу көп жылдан бери чогулган маселелерди чечүүгө мүмкүн берет деп Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди.

«Районубуз курорттук зона болгондуктан төрт мезгил бою туристтерди кабыл алабыз. Сырттан келген мейман дароо эле эс алуу жайладын тазалыгына, тейлөө шарттарга, жарыктандырууга, жашылдандыруусуна көӊүл бурат. Азыркы күндө мындай маселелерди чечүүгө «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондунун каржылоосу менен көп мүмкүнчүлүктү колдондук. Айрыкча акыркы жылдардан бери таштанды чыгарууу заманбап техникалар алынып, районубуздун айланасында тазалык сакталууда. Калк үчүн ушундай шарт түзүп берип жаткан «Кумтөр Голд Компани» менен мындан ары да кызматташууну улантуу керек»,- деп Элет.media менен курулган маегинде Д. Иманалиев басмалады.

Ошондой эле социалдык, экономикалык көрсөткүчү бай Жети-Ѳгүз району боюнча сөз кылабыз. Бул аймак Ысык-Көлду туруктуу өнүктүрүү долбоор алкагында микрокредиттик программалар ишке ашырылып өзүн-өзү каржылоого жетишти. Жергиликтүү ишкерлер үчүн микрокредиттик чакан жай ачып, 5 жылга чейинки 12%дык насыя берип келет. Андыктан дыйкан фермерлер бутка туруп, өндүргөн продукцияларын Кумтөргө өткөрүү планы бар.

“КГК” иштеп баштагандан бери туруктуу өнүктүрүү долбоор алкагында 138 млн сомго насыя берилген.

«Жети-Ѳгүз району «Кумтөр» кени аылгандан тарта кызматташтык алакасын түзуп келет. Айтсак, «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусу жана туруктуу өнүгүү долбоор алкагында киреше алып келүүчү чакан ишканалар ачылып, айыл аймактардын бюджетин көбөйтүүдө. Андан сырткары ар жылы жазгы талаачылыкка карата сугат каналдарын тазалоого, таза сууга, жол маселесине жардамын аябайт. Мына акыркы 5 жылдан бери жергиликтүү жашоочулар арзан пайыздык насыя алып, алгылыктуу жумшап үй-бүлөсүн бутка тургузууда. Мындай шартта биз «Кумтөр Голд Компаниге» рахматыбызды айтып, кызматташтыкты Фонд аркылуу дагы улантуубыз», – деди аким Мурат Раматов.

Эскертсек, 2019-жылы Ысык-Көл облусунун райондору бөлүнгөн каражаттын жумшоо максатын кайрадан карап чыгышты. Буга чейин каражатты собъектилерин курууга жумшалса, эми Фонд бөлгөн каражат киреше алып келүүчү ишканаларды ачууга сарпталат.

 Ак-Суу боюнча сөз кылсак, райондо жалпы 14 айыл аймак камтылган. Бүгүнкү күндө анын экөөсү гана өзүн-өзү каржыласа, калгандары мамлекеттин жардамына муктаж. Бирок, ошого карабай «Кумтөр» акча бөлгөн «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунун эсебинен жылына 50 миллион сомго жакын акча каралып, ал социалдык мекемелердин курулушун жаӊылоого жумшалып келди. Быйылкы жылдан тарта кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга басым жасаларын район акими Акылбек Тюкебаев айтат.

«Кумтөрдүн айыл аймактарга жакшы эле пайдасы тийип жатат. Ѳзгөчө биздин район агрардык багытта жер иштетип келебиз. Алдыдагы планыбыз пайда алып келүүчү ишканаларды ачып, айыл чарба продукцияларын кайра иштетсек элге да, жергиликтүү бюджетке да салым болмок. Быйыл өнүктүрүү фондунан 4 миллион сомдун тегерегинде акча бөлүнсө, биз санап өткөн тармактарга жумшоо алдында турабыз»,-деди ал.

Бул сыяктуу эле 30 айыл -кыштакты өзүнө камтыган Тоӊ районунда да планга коюлган бир топ иштер бар. Мамлекеттик райадминистрация башчысы Данияр Арпачиев аймактагы аткара турган көйгөйлөргө да токтолду. Себеби, бул өрөөндө да айрым айыл аймактар жакырчылыкта турат.

«Учурда 30 айылдан болгону 5 бала бакча гана иш алып барат. Ошол эле мезгилде авариялык абалдагы билим берүүчү жайларды, бир катар социалдык обьектилерди оӊдоо зарыл. Андан сырткары мал жана айыл чарбасы үчүн жайытка кетүүчү көпүрөлөр, иригация маселеси курч бойдон турат. Инфрастуруктуралык жактан 3 айылда таптакыр таза суу жок. Ички жолдорду да калыпка келтирүү планда турат. Ошондуктан Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунун жардамына муктажбыз»,-деди Арпачиев.

Кезекте 68 миӊ калкы бар Түп району боюнча сөз кылабыз. Айрыкча быйылкы «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылдыгынын алкагында элеттиктердин 60%дан ашыгы интернет байланышына туташат.

«Быйылкы 2019-жылга карата Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу районго 45,5 млн сом өлчөмүндө акча каражатын бөлөрү пландалууда. Андан сырткары биринчи жолу суу жетпеген миӊ гектар жерге реабилитация жасап, сугат суулар колго алынат. Баса белгилей кетсек, 7-ден 13 кө чейинки айыл кыштакты интенетке туташтырабыз. »,-деди акимдин орун басары Валерий Ситчихин.

Ал эми Ысык-Көл облусунун борбору Каракол жана дарбазасы болгон Балыкчы шаарларында ири компаниянын пайдасы тийип жаткандарын калаа башчылары жашырбайт. Алсак, райондор сыяктуу эле акыркы беш жылдан бери эки шаарда жашылдандыруу, жарыктандыруу, жол маселеси, мекемелердин курулуш иштери колго алынган.

«Шаарыбыз Фонд тарабынан жарыктандырылып, коопсуз шаарга айланды. Алдыда жаштарды сергек жашоого үндөө макстында ишкананын салымы менен спорт зал салынганы турат. Кандай иштер планга коюлбасын, бардыгы өз убагында ишке ашып, жемишин берип келет. Ошондой эле «Кумтөр» кен ишканасынын Балыкчыдагы өткөөл базалык кампасы жергиликтүү жашоочуларды жумуш оорду менен камсыздап, жарандар акча таба алышат», – деп шаардын вице-мэри Алишер Табалдиев белгиледи.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.