“Кумтөрдөгү” алтындын өндүрүшү 2023-жылы токтойт. Бирок, адистер кендин ишин дагы бир нече жылга уландырса болот деп ишенет. Ишкана 2018-жылы геологиялык чалгындоого $6,5 млн сарптаган. Астыбыздагы жылда $11,5 млн каралат. Жалпы иштер Борбордук, Түштүк-батыш жана Сары-Тор участокторунда өткөрүлөт.

Кыргыз өкмөтү менен макулдук табылбагандыктан, кенди иштеткен «Центерра Голд Инк» 2012-2016-жылдары чалгындоого каражат бөлгөн эмес. 2017-жылы эки тарап айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Стратегиялык келишимге кол койгондон кийин, ишкана кендеги геологиялык чалгындоо иштерин улантты.

КР Геологдорунун ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев бул ишкананын аракетин колдойт. Анын айтмында, кыргыз өкмөт бул маселени чечип, алтын табуу иштерин баштаганга жол берүү туура болмок. Ассоциациянын адистери маселени көптөн бери айтып келишкен.

«Бүгүн тоо кен тармагынын абалы оор. Биз, эксперттер, “Кумтөрдөгү” геологиялык чалгындоонун керектигин көптөн бери айтып келе жатабыз. Өкмөт буга жардам бериш керек. 2023-жылы алтынды өндүрүү токтогондон кийин, чиновниктер бюджетти толтурабыз деп эки жака чуркап калышат», – деди эксперт-геолог.

Дүйшеев, “Кумтөр” Орто Азиядагы алтынга эң бай кен экенин эске алды. Ошондуктан, геочалгындоо иштери боюнча суроо болуу туура эмес. Эксперт айткандай, бийлик менен сырткы инвестордун чыры бул иштерди артка жылдырды.

«Тоо кен тармагынын маселесин чогуу чечүүгө зарыл. Биз чырлар үчүн “Кумтөрдүн” келечегин унутуп калдык. Кенде чалгындоону өткөрүү керек деп айтып жүрөбүз. Өкмөткө биздин чечимибизди сунуштаганбыз, биз бул суроо менен көп жылдан бери иштейбиз. Бирок жоопту эч ким берген жок», – деп Орозбек Дуйшеев нааразычылыгын билдирди.

Башкы геолог кендин өзгөчөлүктөрү жөнүндө да сөз айтты. Геологиялык чалгындоо кендин ишин 10-15-жылга астыга пландаштырат. Ошондуктан тармактын маселесин саясатсыз чечүүгө аракет кылуу туура.

Геологдордун пикири менен экономисттер да макул. Кендеги алтын азайып жатканы сыр эмес. Жыл сайын бюджетке ишкананын  салымы төмөндөп жатат, бирок өкмөт бюджетти толтуруп, «Кумтор Голд Компанинин» ордуна кимди коерун билбейт. Чалгындоо иштери ийгиликтүү аяктаса, кенде дагы 200 тонна алтынды өндүрүүгө мүмкүн болот. 

Ишкананын ишин уландыруусу маанилүү эконин экономист Асылбек Аюпов да айтып жүрөт. Анын айтымында, “КГКин” иши өлкөнүн ивнсетициялык климатына түз таасирин берет.

«Бизде “Кумтөр” деп эле айтышат, бирок иштетилбеген кендер жөнүндө унчугушпайт. Бул ишкана көп жылдан бери бюджетти түзүүчү болуп жүрөт. Кыргыз Республикасына анын токтобой иштегени маанилүү. Кендин токтобогон иши мамлекеттин инвестициялык жагымдуулугун көрсөтөт», – деди Аюпов.

“Центерра” Кумтөрдөгү чалгындоонун жыйынтыктары натыйжалуу болот деп үмүттөнөт. Ишкана дүйнө боюнча чалгындоого $30 млн жумшайт. Анын ичинен $11,5 млн “Кумтөрго” кетет. Канададагы Маунт Миллиганга $3 млн сарпталат, ошол эле өлкөдөгү Кемеске – $2 млн, Туркиядагы Оксютка $2,5 млн. Калган $10 млн башка геочалгындо программаларына каралган.

Эскертсек, 2018-жылдын төртүнчү чейрегинде жалпы узундугу 15 239 метрди түзгɵн 60 колонкалуу бургулоо скважинасы бургуланды. 2018-жылы жалпы узундугу 24 381 метрди түзгɵн 92 скважина бургуланды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.