Centerra Gold Inc. жана «Кумтөр Голд Компани»  2019-жылдын үчүнчү чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты.

2019-жылдын III чейрегинде «Кумтөр» кениндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 151 миң 65 унцияны же 4,6 тоннаны түзсɵ, ɵткɵн жылдын ушул мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 122 миң 445 унция же 3,8 тонна болгон. Бул чейректе жетишкен ɵндүрүштүн ɵсүшү №18 жана №19 жумуш зоналарынан алынган алтын курамы байыраак кендин иштетилүүсүнɵ жана анын ылгоо коэффициенти жогору болуусуна байланышкан, ал эми 2018-жылдын III чейрегинде №17 жумуш зонасынан жана Сарытөр кенинен алынган алтын курамы азыраак кен иштетилген.

2019-жылдын III чейрегинде АЫФта иштетилген кендин орточо баштапкы алтын курамы 3,48 г/т, ал эми ылгоо коэффиценти 84,8% түзсɵ, 2018-жылдын ушул мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 3,0 г/т жана 79,0% түзгɵн.

2019-жылдын III  чейрегинде 160 миң 88 унция, же 4,9 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше $234,4 млн түздү.

«Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз кана “Кыргызалтын” ААКы ээ», – деп ишкананын отчетунда билдирилген.

Ошондой эле, 2019-жылдын август айында КР өкмөтү менен 2017-жылдын 11-сентябрында түзүлгөн комплекстүү келишимдин күчүнө толук кирүүсүн алдын алуучу бардык шарттар аткарылды жана 2019-жылдын 26-августунда Стратегиялык келишим күчүнө кирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.