КР Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь-май айларында өлкөнүн ИПДсы 184 млрд сомду түзгөн. 2018-жылдын көрсөткүчү менен салыштырмалуу, ИПДнын көлөмү 5,6% жогорулаган. Бирок бул көрсөткүчтөр аябай канааттандырбайт: “Кумтөр” алтын өндүрүү ишканасын эске албаганда экономиканын өсүүсү 1,5%га гана жогорулады.
Алдын ала айта кетсек, 2023-жылы кендеги табылган алтындын көлөмү эки эсе төмөндөйт. Мамлекеттин жетекчилери экономиканы бул ишканадан көз карандуу кылуу зарылдыгын белгилеген.
«Кыргызстандын экономикасынын Кумтөрдөн көз карандылыгы – мурдагы өкмөттөрдүн катасы. Келечекте Кумтөрдүн имшедүүлүгү токтойт. Анын кесепетинен ар кандай татаалдыктар пайда болот, анткени экономиканын башка секторлоруна көңүл бурулган эмес. Ошондуктан, өкмөт Кумтөргө окшогон ири ишканаларды түзүү долбоорлорун ишке ашырат», – деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин астында айтып кеткен.
Четки тараптын пикири
Экономиканы Кумтөрсүз өнүктүрүүнү өкмөттөн сырткары Эл аралык валюта фонду да айтып кетти. Эл аралык адистердин изилдөөсүндө 2019-жылы Кыргызстандын ИПДсы жогорулайт, бирок келечекте мамлекет көптөгөн маселе менен калат.
Биринчиден, ЭВФ миссиясы чет элдик инвестицияларга басым кылууну белгиледи. Кыргызстандагы инвесторлорго карата мамиле бул ишти четке кагып коет. Кыргыз өкмөтүнүн миллиарддаган каражатка жыгылган соттук чырларды айтуу кереги жок. Анын баары Кыргызтандын ишкер беделине терс таасирин берди.
ЭВФ Кыргызстанга тез түрдө реформаларды жүргүзүп, ишкер климатын оңдоону сунуштаган. Кыргызстанга келген инвесторлор төмөндөгөн экспорттун ордун ээлейт. Инвестициялык климат жалгыз гана маселе эмес. Реформаларды баардык тармактарда жүргүзүү керек. Эксперттер, инвесторлорго каршы кабыл алынган соттук системасы жөнүндө көп айтышат. Андан сырткары, бюджеттик, каржы, банктык тармактагы, кадрлар саясаттындагы кемчиликтерди жоюу зарыл. Өкмөт бул маселелерди моюнга алганы менен, коомчулук меселени чечүү кадамдарын байкаган жок.
Тоо кен тармагы – экономиканын флагманы
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын экспортунун жарымын тоо кен тармагы ээлейт. Кыргызстандын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы бул тармага туура көңүл бурууну суранат, анткени өлкөдө иштетилбеген кендер бар. Алардан $80 млрдга чейин алтын менен күмүштү өндүрүүгө мүмкүн бар. Булардын баары ишке ашырылсы, мамлекетке чет аралык инвестиция тартылып, экспорт жогорулап, бюджетке миллиарддаган каражат түшүп, жумуш орундар түзүлмөк.
“Кыргызстанда пайдалуу кендер бар, ошондуктан бул тармак өнөр жайдын өнүүгүсүндө чоң ролду ойнойт. Статистиканы алсак, 1990-жылы ар бир жаранга жараша ИПД $3,2 миңди түзгөн – бул бешинчи орун болгон. Бул көрсөткүчгө тоо кен тармагы менен жеткенбиз”, – дейт Ассоциациянын детекчиси Орозбек Дүйшеев.
Эксперттердин айтымында, бул кырдаалды туура кадрлык саясат чечет. 99% учурда жетекчилердин кызматына башка тармактын адистери дайындалат. Андан сырткары, лицензия берүү жагынан көзөмөл жоктугунан, тармак коомчулукка жабык эшиктей болуп турат.
Кыргызстан – 2040
Кыргызстанда 2040-жылга чейин долбоорлор ишке ашырылат. Стратегия экономиканын маанилүү тармакатарын камтыйт. Ага жараша, 2040-жылга чейин Кыргызстан инвестициялык оазиске айланат.
“Кыргызстан ВСП+ макамын колдонуп экспорттук багытта өнүгөт. Инвестициялык климатты оңдоо, мамлекетти башка мамлкеттер жана ЕЭАБке карата конкурентүү потенциалын колдонууга мүмкүн берет”, – деп Экономика министрлигинде белгиленет.
Адистердин айтымында, өнүгүүгө импульс берүүгө инфраструктуралык долбоорлор ишке ашыруу зарыл. Биринчи орунда CASA – 1000 турат. Долбоор ишке ашырылса, Кыргызстан Борбордук Азиядагы ири электроимпортер болуп айланат. Азыр окмөт Камбар-Ата ГЭС, Чоң Нарын ГЭСи жана Ак-Булун ГЭСине инвесторлорду издөөдө.
Министрликте инфраструктуранын өнүктүрүү бир жолу – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун салуу долбоору деп санашат. 2040-жылдын аягына темир жол Кыргызстанды транзиттик өлкө макамын бекитет.
2040-жылга дагы көп бар, бирок ведомстводо кыска мөөнөттү программалар бар. Алардын маалыматы боюнча, 2023-жылга чейин $12 млрд чапчыган долбоорлор бар. 2020-жылы ишке Жерүй, Талды-Булак, Чаарат, макмал комбинаты киргизилет. Бюджетке Кара-Балтанын Жунда ишканасы жана РКӨФнан каражат түшөт.
Адистердин айтымында, салык төлөмдөрү жогорулагандыктан экономиканын өсүшү байкалып турат. Кумтөр токтогондон кийин, түшпөй калган каражатты өнүккөн экономика толуктап кетет. Өкмөт белгилегендей, биринчи жылдары мамлекет үчүн оор болот, бирок, кандай болсо да аны баштан өткөрүү зарыл.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: