4-сентябрда министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу менен Чуваш Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Андрей Макушев ортосунда видеоконференция өткөрүлдү.
Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды:
Жолугушууда Чуваш Республикасынан Кыргызстанга голштино-фриз породасындагы асыл тукум кунаажындарды жана бордоого арналган букаларды экспорттоо маселелери, анын ичинде ветеринардык талаптар, логистика жана экспорттук көлөмдөрдү макулдашуу талкууланды. Ошондой эле Чувашиянын аймагында карантиндик-экспорттук аянтча куруу мүмкүнчүлүгү каралды.
Мындан тышкары, Кыргыз улуттук агрардык университети менен «Зоотехния», «Ветеринария» жана «Агрономия» багыттарында кош дипломдук программаларды ишке ашыруу, студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк жана стажировка уюштуруу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында, тараптар мал чарбачылыгы, ветеринария жана айыл чарба багытындагы билим берүү тармагында өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилешти.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: