Мезгил-мезгили менен Кыргызстандык ЖМКры Кытайдын өсүп жаткан таасирин талкууго чыгарышат. Бир четинен булар менен макул болуу туура, анткени расмий Бейжин Кыргыз Республикасындагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоо аркылуу өзүнүн авторитетин күчөтүүгө аракеттери бар. Бирок, Кытайдын намыскөйчүлүгүн коңшу мамлекетти басып алуу аракеттер деп санаган туурабы?
Коопсуздук – биринчи орунда
Азыркы тапта, Кыргызстандагы 2019-жылдын башындагы өткөн митингдердин себеби болгон Кытай Эл Республикасындагы тарбия лагерлери болуп жатат. Бул лагерлер эмнеге керек?
Кытайлык CGTN телеканалынын Синьцзян-Уйгур автоном районундагы терроризм жана террористтердин чабуулдарынан жабыркаган жана курман болгондорго арналган тасмасында, КЭРнын эң башкы мамлекеттик саясаты – коопсуздукту камсыздоо деп көрсөтүлгөн. Чыныгында эле, акыркы жылдары СУАР радикалдуу көңүлдөнгөн жарандардын борбору болуп калган. Тасма алар Синьцзяндагы аз улуттарга тийгизген таасирин “жомоктобой” айтып берет.
Статистика боюнча, 1990-2016-жылдары СУАРда көптөгөн жарандардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жанын алып кеткен миңдеген террордук актылар уюштурлган. Ошондуктан, Кытай коопту Синьцзянга кызыгын көрсөтөт, анткени Борбор Азиянын толугуу менен өнүкпөгөн мамлекеттердеги радикалдуу экстремисттер ал жерге барып өз жаны менен “акыйкат” курууга даяр.
2016-жылдын 30-августунда Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу болгонун да эске алуу керек. Расмий түрдө бул окуя террористтик иш деп бааланган. Элчиликтин дарбазасын талкалап кирген, жардыруучу заттар менен жүктөлгөн унаа кытайлык кызматкерлерди абдан коркуткан.
Бул теракт Бейжин тарабынан Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде Бишкек жана чек ара райондору, тыгыз ишке ашырууга түрткөн. Өткөн окуя эки мамлекеттин кызматташуусунун активдештүүсүнө жана Кыргызстанга каражат бөлүүнүн себеби деп айтсак жаңылбайбыз.
Жеңилдиктер vs. тышкы карыз
Кыргызстандын тышкы карызы Кытайга каршы болгон активисттер колдонгон экинчи курал болуп саналат. Кытай Эл Республикасынын астындагы расмий Бишкектин карызы чоң каражатты чапчыганын моюнга алуу туура – 2019-жылдын ноябрь-айында Кыргызстандын 45 пайыз карызы коңшу мамлекеттен келген (3,762 млрд АКШ доллары). Бирок, дүйнөдөгү Кытайдын инвестицияларынын жалпы көлөмүн алсак, бул каражат андай деле чоң болбойт.
Кыргызстандын өнүгө элек экономикасынын көлөмү араң эле 1,8 млрд долларды чапчыгандыктан – бул карыз аябай чоң каражат болуп саналаганы эстен чыкпаган факт. Ошону менен, Кытай, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген насыяларды берген тараптардын бирине кирет:
- карызды жабуу үчүн узун мөөнөт;
- төлөө мөөнөтүн бир нече жылга жылдырылган;
- төмөнкү пайыздык чен – 0,5-3 пайызга чейин.
КЭРын каржылоосу менен Кыргызстанда акыркы жылдары төмөнкү долбоорлор ишке ашырылып, же жыйынтыгына чыккан:
- “Түштүк-Түндүк” жолу. Долбоор Кыргызстанда эң ири деп саналат, жолду куруу үчүн Кытайдын Экспорт-импорттук банкы 850 млн АКШ долларынын 400 млн бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн, жалпы каражаттын 747 млн доллары тыштан тартылып келген. Кытайлык банктан сырткары, каржылоого Азия жана Ислам банктары жардам берген. Курулуш иштерин кытайлык China Road компаниясы алып барат.
- “Датка” станциясы жана “Датка-Кемин” линиясы. Энергетикадагы эки долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытай 597 млн доллар сарптаган. Станцияны куруу иштерине 208 млн доллар каралган. Андан сырткары, Эксимбанк Кыргызстанга насыяны 20 жылдык мөөнөтү, пайыздык чени – жылын 2 пайыз менен сунуштаган. Берилген каражатка 500кВ “Датка” станциясы курулган, 220кВ «Кристалл», «Октябрьская», «Узловая», «Алай» станцияларында оңдоо иштери жургүзүлгөн. Курулуш иштерин кытайлык TBEA компаниясы алып барган.
“Датканын” курулушу 389 млн долларлык “Датка-Кемин” линиясын каржылоого жолун ачкан. Түштүк менен түндүктү кошкон линия Кыргызстанга Борбор Азиядагы кошуналарынан энергетикалык көз карандысыздыкты камсыздап берди. Электролиниялар коңшу мамлекеттер аркылуу жайгашкандыктан, кыргызстандыктар электроэнергиясыз калууга коркунучу бар болчу. Курулушту ошондой эле TBEA компаниясы алып барган.
- Бишкек ЖЭБин модернизациялоо. Жылуулук тармакты жаңыртууга Бейжин кыргызстандык өнөктөштөрүнө 386 млн доллар бөлгөн. Насыянын төлөө мөөнөтү 20 жылга чейин, жеңилдетилген мөөнөтү 11 жылга чейин 2 пйыздык чени менен. Долбоор аркылуу ЖЭБдин кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин догорулаган. Анын ичинен 300 МВт – эки жаңы энергоблокту куруп ишке киргизгенден кийин.
Төрт долбоорду анализдесек, бул инфраструктуралык программаларды эмнеге кытайлык гана компаниялар ишке ашырган деген суроо пайда болот?
Мисалы, сизде көп каражат бар. Кошунаңыз келип, үйүндөгү шарттарды оңдоо үчүн сизден карызга акча сурады. Бирок, ал адамга ишениш жок, анткени анын “чөнтөгүнө” коррупционер-туугандары ар дайым колун салып турушат. Ошондуктан, насыя берүүчүгө сиз кепилчилик берүүчү, келишимдеги баардык пунктарды, милдетин аткаруучу адамды сунуштайсыз.
Кытай дагы ушундай жол менен ишти алып барды: өзүнө таанымал TBEA и China Road компанияларын сунуштаган. Биринчиден, инвестор каражаттын сарпталышын катуу көзөмөлгө алынат деп ишенди, экинчиден, келечектеги иштин сапаты менен байланышкан доолордон камсызданган. Кытай бул саясатты алмаштырбайт деген ой бар, анткени, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбборун ишке ашырууга пландар астыда турат.
Бул долбоорлор аркылуу карасак Кытай Республикасынын саясаты логикага негизделген. Чыр-чатак пайда болбош үчүн Кытай мамлекети глобалдуу программаларга гана катышууга аракет кылат. Аларды ишке ашырууга катуу даярдануу керек – биринчиден, кыргыз бийлигинин тарабынан. Акыркыларга бүт эркиндик берилет, бирок, кытайлык каражаттарга аткарылуучу долбоорлорду жана жалданган ишканаларды өтө катуу сынга алып тандоого зарыл. Пекиндин лоялдуу мамилеси кыргызстандык өнөктөштөрдүн жана дергиликтүү калктын кызыкчылыгын биринчи орунга койгонун айтууда. Бирок, бизнес-өнөктөштүн да кызыкчылыгын унутпаш керек, эгерде Кыргызстанда Солтон-Сарыдагыдай окуялар болбосо Кытай КР инвестицияларды алып келүүгө даяр.
Эскертсек, 2019-жылдын 5-августунда жүздөгөн жергиликтүү тургундар кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери жардыруу иштери менен малды кырды деп күнөөлөшкөн. Андан сон, кыргызстандыктар ал кызматкерлерди сабап, ондон ашык кытайлык жаран жабыркап, ишкананын ишмердиги токтоп калган. Кытай элчилиги кыргыз өкмөтүнө кайрылып, чет мамлекеттик компаниялардын укугун коргоп, жана жарандардын коопсуздугун камсыздап, келечекте окшош окуяларды келтирбөөгө жол бербестикти талап кылган. Аны менен кошо, кытайлык дипломаттар жергиликтүү компаниялары сыртка иштеп чыкканда, башка мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип, социалдык жана кайрымдуулук ишмердигин биринчи орунга коюну талап кылышат.

Аралашуубу же эмгек мигранттар?
КЭРнын инвестициялары менен Кыргызстанга кытайлык жарандар да көчүп келет деген таң калтырат. Биринчиден, Кытай үчүн, буга бир нече себептер бар.
Ачык маалыматтарга тууралуу, кытайлыктардын миграциясы АКШ менен Европада. Өнүккөн демократия, коррупциянын жоктугу жана сөз эркиндиги менен АКШ кытайлык мигранттар үчүн биринчи орунда турат. Экинчи орунда – жашоо шарттар жогорку сапатта болгондутан Австралия. 35 жаштан уулу кытайлыктарды кызыктырган Канада – үчүнчү орунду ээлейт. Экономикасы катуу өнүккөн Сингапур – төртүнчү орунда. Андан кийин европалык мамлекеттер – Германия, Франция жана Италия. Бирок ал мамлекеттерге кытайлык мигранттар көп барьбай калды. Буга себеп коптөгөн теракттар, митингдер беп айтсак болот.
АКШ менен Европага салыштырмалуу Кыргызстандын жагымдуулугу шек түзөт. Биздин мамлекет Россия мене Казахстандай эле эмгек миграциясынын объекти катарындай эле. Карапайым кытайлыктар Кыргызстанда вахта методу менен эмгектенишет – бир убакыт иштегенден кийин ата-мекенине кайтышат. 2018-жыл боюнча расмий маалымат боюнча, Кыргызстанга 35 миң 215 кытайлык жаран кирген, 34 миң 436 адам кайра чыгып кеткен – айырма 800 гана адамды түзгөн. 2017-жылы окшош жагдай болгон: 41 307 адам кирип, 40 690 чыгып кеткен. Айырмасы 617 жаранды түзгөн.
Андан сырткары, 2010-2018-жылдардын аралыгында Кытай Эл Республикасынын 60 гана жараны менен кыргызстандыктар баш кошкон. Ошол эле мезгилде КР жарандыгын 268 кытайлык алган, көбү кыргыздар – 171 адам.
Ушундай маалыматтан кийин чоң кошунадан коркуу туурабы?
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: