Ким убактысында жардам берсе – ал эки жолу жардам берген болот, дешет. Россия-Кыргыз ѳнүгүү фонду бизнеске берген насыялары мына ушундай. Убактылуу болсо да, ишкана токтоп турбашы керектигин баары билет. Ал кирешелүү болушу үчүн каржылык салымдар убагында түшүп турушу керек.
Анда эмесе, таанышып алыңыздар: «Кыргызцентрпродукт» компаниясы (ал «Кыргызпродукт» жана «Корзинка овощей» бренддери менен таанымал). 2010-жылдан баштап ал толук циклдүү, экспортко багыт алган айыл-чарба ѳндүрүшүн багынтып келет: компания кирешелүү болсо да, бир гана түйүндү иштетип, токтоп калган жок, ал ѳзүн тобокелдерден сактап калуу үчүн баардык тармактарды иштете баштады. Учурда анын ѳз жери гана болбостон, кайта иштетүүчү цех, логистикалык борбор жана жеткизүү кызматы иштейт. Анын ишенимдүү ѳнѳгү – Россия-Кыргыз ѳнүгүү фонду, 2016-жылы 3 тонналык заманбап эл аралык стандарттар боюнча түрк жана италиялык техника менен жабдылган жер-жемиш сактоо жайы, жер-жемиштерди жууп, сорттоп, кутуга салуучу автоматташтырылган түйүн ачуу үчүн насыя берген. Баса, бул зор, эл аралык заманбап стандарттарга жооп берген логистикалык борборду үлгүлүү деп атаса болот. Ал компанияны гана тейлебестен, азыктарын туура калибровка жана кутуга салуунун эсебинен анын тез сатылып кетишин каалаган жергиликтүү дыйкандарды да тейлейт.
Буурчактан баштап, картѳшкѳ, грек жаңгагына чейин – «Кыргызцентрпродукттун» ѳзгѳчѳлүгү ушунда. Азыктар экологиялык жактан таза жана даамдуу болуусуна жетекчилик ѳзү кѳзѳмѳл кылат. Албетте, ал ордо калаада эмес, аймактарда орун алган. Азыркы күнү негизги ишкана Беловодск айылында жайгашкан, ал эми филиалы – Талас облусунун айылдарынын биринде. Компанияда жергиликтүү тургундар иштейт.
Бирок ишкана кеңейип жатат, ошондуктан ага кошумча каражат керек. Кимден насыя алсам деген суроо компания жетекчилигин дээрлик тынчсыздандырбайт:
– РКѲФ башка каржылык-насыя мекемелерине салыштырмалуу тѳмѳнкү пайыздык үстѳктѳрүн берет, анын үстүнѳ айыл-чарбачылыгы тобокелдүү бизнес, – деп түшүндүрѳт ишкана жетекчиси Манас Белошаров. – Жеңилдетилген мѳѳнѳт эки жылдан башталат, мѳѳнѳтү – 7 жылга чейин. Бир да банк мындай шартта насыя бербейт! Ал эми фонду болсо ѳлкѳнүн агрардык тармагын ѳнүктүрүүгѳ багыт алган. Белгилей кетчү нерсе, ѳз каражатынын 60 пайызын РКѲФтак ушундай долбоорлорду колдоого багыттайт. РКѲФ мындан тышкары техникалык жардам берип, бизнес-план иштеп чыгууга гран берип, техникалык адистерди окутаарын да айта кетким келет. Пандемия башталганда, фонду биринчилерден болуп ишкерлердин насыясын жарым жылга мѳѳнѳтүн узартып берди.
Анын айтымында, азыр компанияга жер-жемиштерди кургатуучу цех керек болуп калды – мындай цех чет ѳлкѳлѳрүндѳ кѳп колдонулат, себеби кургатылган жер-жемиштер жарым фабрикат, кетчуп, консерва жана фастфуд жана снектер үчүн керектүү чийки заттар катары абдан туура келет. Керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн каражат ыкчам берилди: эми техниканы орнотуп, ишке киргизишет, анын үстүнѳ азыр күндүн нуруна чѳмүлүп, бышкан жер-жемишти чогултуп, даярдоо убактысы келип калбадыбы.
– Азыктардын 100 пайызын (сабиз, пияз, жана башкалар) Россия менен Казакстанга экспорттойлу деп жатабыз, – деп келечек пландары менен бѳлүшѳт технолог Василий Рыжих.
«Кыргызцентрпродукт» жети жылдан бери ири завод жана соода түйүндѳрү менен кызматташып келет, Кыргызстанда ѳстүрүлгѳн жер-жемиштерин дүйнѳнүн ондон ашуун ѳлкѳсүнѳ экспорттойт. Буга ѳзүнүн кампалары жана унаасы болушу да ѳбѳлгѳ түзѳт, себеби бул азыктар ѳз убагында жеткирилип, баасы да жогорулабастан, ыңгайлуулуктун кепилдиги болуп берет. Демек, алдыда жаңы сатып алуучулар жана жаңы рыноктор күтүп турат.
Бул келечектүү тармакты биздин жердештер бекем жана кѳп жылдарга ээлесин деп каалап кетмекчибиз.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: