Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы келишим күчүнө кирди. Эки тарап Жаратылышты өнүктүрүү фондунун жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун иштөө механизмдери маселесин талкуулайт. Стратегиялык келишим күчүнө киргенден баштап экономика туура таасирин тийгизет. Бул тууралуу “Элет.Медиа” редакциясы менен курулган маегинде КР Геологдорунун ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев айтып берди.

Геолог, 2011-жылы Центеррадагы Кыргызалтындын акциялары $1.8 млрд бааланганын эскертти. Бирок инвестициялык абал начарлаган учурд баасы үч эсе төмөндөп кеткен. Ал жылдардын ичинде ишкананы улуташтыруу боюнча бир нече демилге көтөрүлгөн.

“Тартыш боюнча жылыш 2015-жылы башталган. Ал учурда Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөрдөгү алтындын көлөмүнүн так санын аныктап. Ишкананын өндүрүүсүн токтотпоо боюнча буйрук берген. Бул туура ойлонгон адамдардын чечими болгон”, – деди Дуйшеев.

Өндүрүштү токтотпош үчүн Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилген. Стратегиялык келишимдин шарттарын ишке киргизүү – тартышты токтотуп бирдикке келгендиктин мисалы. Андан сырткары, геологдор Кумтөрдөгү алтын көлөмү көп деп, ишкананын ишин көп жылга узартса болот деп үмүттөнүшөт. Тартыштын аяктаганы тоо кен тармагынын өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам.

“Биз башка ишканаларга жергиликтүү эл менен иштегенди жана алардын жашоосун жакшыртууну Кумтөрдөн үйрөнгүлө деп айтабыз. Эгерде жергиликтүү калк ишкананын жабуусуна каршы болсо аны кантип токтотобуз деп айтабыз? Келишим экономиканын өнүгүүсүнө, инвестициялык климатка туура таасирин берет”, – деп геолог жыйынтыктады.

КР өкмөтү менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө киргенин 28-августта жарыяланды.

«Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер жазылган. Ушул милдеттенмелер аткарылгандан кийин гана Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирмек. Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 млн АКШ доллар каражат келип түшөт. Биздин Өкмөт Макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген. Жана узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 млн долларга чейин көбөйтүлгөн, ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген. Биз кошумча 63 млн долларга жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз. Мунун өзү тараптар ортосунда конструктивдүү биргелешкен иштер жүргүзүлгөнүн айгинелейт, анын натыйжасында ушундай жыйынтыктарга жетишип отурабыз. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасы 77 млн АКШ долларынан ашуун каражат алат, анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна учурда келип түшкөн 7 млн доллар бар

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.