Россиялык “РусГидро” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСин курууга жумшаган $35 млн кайтаруу үчүн Гаагадагы Эл аралык сотко арызын берди. Бур тууралуу журналисттерге компаниянын жетекчиси Николай Шульгинов айтып берди.

Анын айтымында, компания соттук иш аларга ылайык туура жыйынтык менен бүтөт деп үмүттөнөт.

“Биз сот менен иштеп баштадык, азыр көп сандагы документтер даярдалып жатат. Ал жерде жумуш тез арада бүтпөйт. Эң башкысы соттун иши башталыш керек”, – деди Шульгинов.

Эскертсек, 2012-жылдын сентябрында Кыргызстан менен Орусия федерациясы Жогорку Нарындагы ГЭС жана Камбар-Ата-1 куруу боюнча келишим түзгөн. 2016-жылдын январь айында Кыргызстан бир тараптуу келишимди бузган. Бул кадамга кыргыз өкмөтү “РусГидро” тарабынан курууга каражаты жоктугунан барган. “Русгидро” Кыргызстанга сартпаган $35 млн кайра кайтарууга талап кылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.