2019-жылдын октябрында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдын коммунисттик партиясы дүйнөлүк үстөмдүккө барып, америкалык коопсуздугуна коркунуч пайда болгондугунан АКШ аны менен күрөшөт деп айтып чыккан. КЭРдин бийлиги өзүнүн саясатын өлкөнүн ичинен да оройт деп кошкон.

Помпеонун пикирин Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трампда колдойт.

“Биз Кытайдын өнүгүсүнө жардам бердик. Кытайдын коммунисттик партиясы биздин тилектештик менен колдонуп алды. Ошондуктан, Дональд Трамп АКШга карата Кытай душмандыгын көрсөткөн абалда болуп калды. Биз каалаган эмес, нак Кытай менен мамиле түзүүгө мажбурбуз”, – деди мамлекеттик катчы.

Бирок Помпео Бейжин менен Вашингтондун мамилеси оңолот деп үмүттөнөт.

“Биз, өзүнүн жарандары, кошуналары менен тынчтыкта жашаган, өнүккөн Кытайды утөбүз”, – деп саясатчы белгиледи.

“Муздак согуштун” мисалы менен Кытайга каршы пропаганда

2017-жылы башталган соода согушка чейин, Вашингтон Кытайды башкарган коммунисттер жөнүндө сөз көтөргөн эмес. Ошондуктан, Помпеонун билдирүүлөрүн “Муздак согуштагы” Советтик союзга каршы колдонулган ыкмаларды колдонду десек жаңылбайбыз.

Соода тармагында кагылыш Трамптын шайлоо кампаниясында башталган. Ал америкалык рыногундагы кытай товарларынын үлүшүнө нааразычылыгын билдирген. Аны менен бирге АКШнын президенти американын корпорацияларынын интелектуалдык менчигине кол салууну белгилеген.

Кытайлыктар менен баштаган соодалык тартыш Трампка кайрадан бумеранг сыяктуу кайтып АКШнын экономикасына таасирин бергенин унутпоо зарыл. Бул жерде, Американын лидери республикалык партиянын дүйнө жүзүндө эркин соода кылуу негизги идеясына каршы чыкты. Бул ишмердик Кытайдын ичинде жана Евробиримдикте “Жибек жолу” жана “Кытайда жазалган 2025” долбоорлоруд ийгиликтүү ишке ашыргуу жардам берди. Мисалы, Германиянын Дуйсбург шаарынын соода мүмкүнчүлүгү өнүгүп, Кытай менен Евробиримдиктин көпүрөсү болду.

Кытайга каршы пропагандага кайтсак, Вашингтон интернеттеги миллиарддаган окурмандары бар ресуртсары аркылуу активдешти. Google, Facebook жана Twitter тармагында АКШ менен Британияны жамандаган материалдарды жоготкон аракеттер байкалган.

Батыш Синьцзяндагы абалды ЖМКлар аркылуу таратып бир куралына айландырды. “Чалачындыкты” таратып, катуу талкууга киргизип, Вашингтон элди дуулдатып фейктик жаңылыктарды (Гонконгдогу митингдер) таратууга аракетин кылды.

Кээ бир маалыматка жараша, 2019-жылы Ак үй Кытайга каршы жаңылыктарды таратууга 680 млн доллар жумшаган. 2020-жылдын бюджетинде да ушундай ири каражата каралган – 680 млн долларга жакын.

АКШын мамлекеттик катчысынын орун басарынын милдетин аткарган Хизер Науэрт 2018-жылдын мартында Россиянын, Ирандын жана Кытайдын мамлекеттик ЖМКлары менен күрөшүүнү приоритеттик багыт деп белгилеген. Аны менен бул мамлекеттин пропагандасын да күнөөлөгөн.

Глобализацияга ким каршы?

АКШнын “үстөмдүк саясатын” эске алсак, 2016-жылдагы шайлоодо Трамп өзүн глобалицияга каршылык билдирген. Ал БУУда АКШ глобализм идеяларынан алыстайт деп билдирген. Бул саясат ар бир мамлекет өзүнүн тагдырын өзү чечкенге мүмкүн берет деп үмүттөнгөн.

Кийин Трамп АКШнын дүйнөдөгү мамилесин карап, акыйкаттуу соода балансты карап, соода согушун баштап, Европадагы өнөктөштөрүнө басым кыла баштады.

Бирок КЭРнын башчысы Си Цзиньпин өзүнүн пикирин бат эле билдирди. Ал глобализациянын табыгый өсүшүн белгилеп кеткен.

“Кытайда үстөмдүк саясат жок. Биз биргелешкен пайданы колдойбуз. АКШ тарабынан башталган тарифтик согуштар глобализацияга каршы. Глобализация – тарыхтын тендециясы, аны каршы аракет менен буза албайбыз”, – деп 2019-жылы айтып кеткен.

Си Цзиньпин дүйнөкордуктөн алыс болууга чакырып, Кытайдын технологиялык секторуна каршы чыккан АКШнын саясатын сынга алган.

“Жылдар менен түзүлгөн, ар бир тарапка пайда алып келген сооданы системасын сактап калууга зарыл. Бул системаны жакшыртуу аракеттир ар дайым жүрүп туруу туура”, – деп Кытайдын лидери басмалаган.

Пекиндин айтымында, Кытай ар бир мамлекетке пайда алып келген глобализация процесстерин колдойт. Бул багытта Кытай мамлекети Борбор Азиядагы жана Африкадагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, өзүнүн технологиялары менен бөлүшүүгө даяр. КЭРна каршы чыккандар бул аракеттерди өнүгө элек мамлекеттерге жазалган экономикалык экспансия менен байланыштырат. Пекин болсо, глобализация Кытай менен Азияны дүйнөнү өнүктүргөн кыймылдаткычка айландырат деп ишенет.

“Дүйнөдө биринчилердин бири болуп өнүккөн Кытай, тынчтык жолу менен өнүгүү концепциясын колдоп, коңшу мамлекеттер менен өнөктөштүктү, теңдикти колдоп, жаңы эл аралык кызматташты өнүктүрү, адамзаттын бирдик тагдырын түзүүнү колдойт”, – деп Мамлекеттик кеңештин премьери Ли Кецян айтып кеткен. Анын сөздөрү Трамп Американы дүйнөлүк үстөмдүктү колдоп Кытайга каршы соода согуштарын баштаганы менен байланыш.

Келечектеги бирдиктин концепциясы

“Дүйнөдөгү мамлекеттер менен Кытайдын достугу жана өнөктөштүгү өнүгүп турат. Адамзаттын бириккен тагдыры концепциясы колдоо табып чыныгы ишмердикке айланып жатат”, – деп Си Цзиньпиндин сөздөрүн Синьхуа жеткирди.

Адамзаттын бириккен тагыдыр кантип ишке ашырылыат?

Бул суроого «Жэньминь Жибао» редакциясы жооп берип, Кытай адамзаттын прогресси үчүн дүйнө менен өзүнүн мамлекеттик башкаруу натыйжасы менен бөлүшөт.

“Өнүккөн мамлекеттер жүздөгөн жыл жумшаган реформаларды Кытай 30 жылда өткөрүп тарых процессин жыйынтыкка чыгарып, 700 млн адамды кедейдиктен чыгарып, өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кирди”, – деп ЖМКлар басмалайт.

Бул концепцияда Кытай бүт мамлекеттерге, континенттерге, өнөктөштөрүнө ири каржы жана өндүрүш ресурстарын сунуштайт. Жакшы натыйжа деп Кытайдын Африкалык мамлекеттерге инвестиция кылган ишмердигин мисал кылсак болот. Бул багытка жетүү үчүн Кытайга 20 жыл керек болду. Азыркы тапта, мамлекет континенттин негизги өнөктөшү болуп саналат.

2011-жылы БРИКСге кошулган ТАМ Кытайдын Африкадагы негизги көпүрөсү болду. Кийин Кытай Танзания, Кения жана Эфиопияга көңүлүн буруп инфраструктуралык долбоорлорду колдоду. Жыйынтыкта, Бейжин континентте 5 миңден аралык темир, унаа жолдорун, 200 мектеп жана 100 оруукана курганга жардам берди.

2007-жылы Кытай-африкалык өнүктүрүү фондун түзүү континентке маанилүү жардамы болду. Долбоордун багытында Африкадагы 3,2 млрд доллар сарпталды. Фонд аркылуу 36 мамлекет 91 долбоорду ишке ашырууга 4,5 млрд доллар алган. Кытай Африкадагы мамлекеттердин карызын да азайткан. 2009-жылы континенттин 35 мамлекетине 3 млрд долларлык 312 карыз кечирилген. 2015-жылы Си Цзиньпин пайызсыз кредиттерди эсептен чыгарган.

Азыр КЭР континент менен кызматташып, илим, билим берүү тармагына жана айыл чарбаны өнүктүрүүгө жардам берет. Континенттин ичинде 3G жана 4G тармактарын киргизип, технологиялык жактан Кытай лидерлик орунду ээледи. Азыркы тапта калкты 5G тармагы менен камсыздоо долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоор ийигиликтүү жыйынтыктаса, ылдамдык интернет менен 2 млрд адам камсыздалат.

Борбор Азияны көздөй багыт

Борбордук Азиянын мамлекеттери да маанилүү. Экспорттук-импорттук банк арклыуу Таджикистанда бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылат. Бул мамлекеттеги түз инвестициялар 500 млн долларды чапчыды. Анын ичинде – жол салуу долбоорлор бар.

Россиялык ЖМКнын баасы боюнча, 2018-жылы Россияны жылдырып Кытай Өзбекстандын биринчи орунда турган өнөктөшү болду. Жыйынтыгы сооданын көлөмү 6,4 млрд доллар, жана 1100 биргелешкен ишкананын тузүлүшү болду. Бул жерде өзбек газынын экспорту эске алынган жок. Көзкарандыс эксперттердин изилдөөсү боюнча, 2019-жылы Кытайдын инвестициялары 8 млрд доллардан ашкан.

Региондогу мамлекттердин катарына кирген Кыргызстан да бириккен Концепциянын ичинде. Мамлекетте кытайлык 400 ишкана, 200 биргелешкен ишкана иштейт. Бейжин республикага инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жардам берет.

КЭРнын каржылоосу менен Кыргызстанда Эксимбанк бөлгөн 400 млн доллар менен “Түштүк-Түндүк” автожолу курулууда, 597 млн долларлык бюджети менен «Датка» жана «Датка-Кемин» электродиниясы курулду, 386 млн долларга Бишкектин ЖЭБи модернизацияланды.

Ички иштерге киришкен жок

АКШга салыштырмалуу, Кытай мамлекеттердин ички иштерине киришип, коммунисттик идеологиясын таратпайт.

“Кытайдан сырткары коммунисттик идеология тарабайт. Кытайдын жумшак күчү илгерки империянын образын көрсөтөт. Демократияга коркунуч пайда кылган коммунисттик башкаруу күлкүнү келтирет: дүйнөдө башкару моделдердин саны көп. Андан  сырткары, азиялык мамлекеттерде ал идеология эмес улутка байланыш. Кытай коммунизмди экспорттобойт. Эгерде Батышдын демократиясынан да ийгиликтүү болсо, аны сөзсүз колдонуунун кереги жок”, – деп орусиялык Взгялд гезити пикирин билдирди.

Коммунисттик партиянын лидерлери, дипломаттар айткандай эле, Кытай мамлекеттердин ички иштерине киришпейт.

“Биз АКШны Кытайдын ички иштерине кийлигишүүдөн алыс болууга чакырабыз. Синьзяндагы терроризм жана радикализм менен күрөшүү ыкмалары бул нерсени жокко чыгарууга багытталган. Алар кытай мыйзамдарынын жана эл аралык нормаларынын чегинде аткарылып, СУАРдагы кичи элдердин 25 млн адамы колдойт”, – деп АКШдагы Кытайдын элчилиги билдирип. Бул билдирүү, уйгурлар жана башка элдердин укуктары бузулган деген “себеп” менен коммунисттик партиянын лидерлерине визалык чектөөлөр киргизилгенден кийин жазалган.

Вашингтон корккон экспорттолгон идеологияны айтып кетсек, КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин пикири менен жыйынтыктасак болот.

“Кытайдын коммунисттик париясы башка мамлекеттерден үйрөнүп алардын натыйжасын колдонууга даяр. Ал чет өлкөлүк моделдерди алып, же кытайлык моделди колдонууга эч кимди мажбурлабайт…”

Бул жерде Кытайга идеологиянын жөнөкөй экспорту эмес, биргелешүү, консолидация аркылуу глобалдык маселелерди чечип ишке ашыруу багыты керек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.