Канадалык Centerra Gold Inc. (Центерра) Кумтөрдөгү иштөө мөөнөтүн улантып, Кыргызстандан кетүүнү пландаштырган жок. Ишкана карьердин бир топ участокторунда чалгындоо иштерин баштады.
Эскертсек, кээ бир ЖМКры “Центерра” Кыргызстандан кеткенге даярданып, бул максатка жетүү үчүн аракеттенет деп билдирген. Карьердеги иштер 2023-жылга чейин токтобойт, бирок ишканага каршы чыккандар Центерра алтынды чыгаруу иштеринин мөөнөтүн кыскартып, карьердин үстүндөгү мөңгүнү жылдыруу иштерин тыштап, түндүк Америкадагы кендерге күчүн жумшайт деп ишенишет.
Алардын айтымында, ишкана 2012-жылдан баштап геочалгындоо иштерин өткөрбөй калган. Бирок 2018-жылдын апрель айында “Centerra Gold Inc.” Кыргызстандагы алтынды чыгаруу иштерин улантуу боюнча пландарын тастыктаган. Бул тууралуу жарым жыл мурун компаниянын президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Пери билдирген.
“Компания менен КР өкмөтүнүн ортосундагы көз караштар жагынан келише албастыктан 2012-жылдан бери геочалгындоого каражат бөлүнгөн эмес. Жаңы келишим кабыл алынгандан кийин, биз геочалгындоого каражат бөлүүнү чечтик”, – деп Скот Перри 2018-жылдын апрелинде белгилеген.
“Кумтөрдөгү” потенциалдуу запастарды эксплуатациялык жеткире чалгындоонун алкагында компаниянын Директорлор кеңеши жалпы көлөмү 60 миң метр болгон бургулоо иштеринин эки жылдык программасын бекитти. Бул иштерди жүргүзүү орду болуп карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр участоктору, ошондой эле түндүк-чыгыш максаттуу аймагы аныкталды.
2-жылдык иштерге компания $18 млн инвестициялайт. $6,5 млн – 2018-жылы, калган $11,5 млн 2019-жылы.
Адистер геочалгындоону колдойт
“Центерра” геочалгындоого инвестициялоо зарыл экендигин адистер да айтат. КРнын Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, эксперттер кыргыз өкмөтү “Кумтөрдөгү” геочалгындоо иштерин улантыш үчүн уруксат бериш экендигин далилдешет.
“Биз, профессионалдар катары, өкмөткө “Кумтөрдөгү” чалгындоо иштерин улантууну сунуштайбыз, бирок алар дагы эле ойлонуп жатат. “Кумтөрдөгү” иш токтоп, кең жабылса тоо-кен тармагы катастрофалык абалга келиши мүмкүн”, – деп Дүйшеев нааразачылыгын билдирди.
“Биз – профессионалдар, бул маселе менен кендин биринчи күнүнөн бери иштейбиз. Эгерде өкмөт Кумтөрдүн ишин башкача чечебиз десе, анда бизди чакырып, бирге талкууласын”, – деп Орозбек Дүйшеев улантат. – 2023-жылы ишкананын иши токтойт, ошондо Кыргызстан шашылыш түрдө экологиялык маселени чечиш керек. Кумтөрдө алтын аябай көп, Орто Азия боюнча алтынга эң бай регионбуз, ошондуктан чалгындоо иштерин өткөрүү зарыл. Иштерди өткөрүү үчүн бизде мүмкүнчүлүк бар.”
Эскертсек, Кумтөрдөгү алтынды чыгаруу боюнча иштери 2023-жылга чейин, фабрикадагы алтын кенин кайра иштетүүсү 2026-жылга чейин жүргүзулөт.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: