Ысык-Көлдө күздүн акыркы айы менен кышкы алмалар чогултула баштады. Быйыл түшүм жакшы бирок, товардык сапаты начар болуп жаткандыгын Ысык-Көлдүк фермерлер билдирди.

Жети-Ѳгүз районунун Дархан айылынын тургуну Кабылбек Мусабековдун айтымында мөмөлөр жыш байлап, майдаланып кеткен. Ошондон улам, сатыкка чыгарууда арзан бааланып, кайра иштетүүгө жумшап жатабыз деди ал.

«Биз чарбачылык жерлерибизге бүтүндөй мөмө жемиш айдап салганбыз. Быйыл күзгү алмаларды терип, сатууга келгенде баалар бир кыйла арзан болду. Анткени товардын сапаты талапка жооп берген жок. Ошондуктан шире жасоого туура келди. Азырынча райондогу сок чыгаруучу кичи цехтерде анчалалык суроо талап болбогон соӊ, үй шартына гана колдонууга мүмкүн экен. Эгер ЕАЭБдин талаптарына жооп берген кайра иштетүүчү кичи ишканалар ачылса, алдаганча жакшы болмок», деди К.Мусабеков.

Ал эми облус боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 40-50 миӊ тонна алма жыйналганын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн айыл чарба бөлүм башчысы Эркинбек Сагынбеков маалымдады. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүн көптүгүнөн кабар берет.

«Быйыл аймакта түшүм мол болду. Анын катарында мөмө жемиштер да бар. Дыйкандардан алынган маалымат боюнча кышкы алмалар толук кандуу терилип бүтө элек. Айрым жашоочулар четинен экспортко чыгарып жатышса, кээ бири баалардын кымбаттосун күтүп логистикалык борборго жиберип жатышат. Эми бул айдын аягына чейин дагы жыйналса алманын көлөмү 50 миӊ тоннадан ашат», деди Сагынбеков.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.