Алай районунун Гүлчө айыл аймагына караштуу Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Кенжебай айылдарында калкты таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер 95 пайызга аткарылды.
Долбоордун негизги бөлүгү аяктап, учурда курулуш-монтаждоо иштеринин акыркы этабы жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө аталган төрт айылдын тургундары таза суу менен камсыз болуп, суу түтүктөрүн жеке турак үйлөргө киргизүү иштери жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында айылдардын суу менен камсыздоо инфраструктурасын жаңыртуу боюнча бир катар маанилүү иштер аткарылды.
Аткарылган негизги иштер:
- жалпы узундугу 24 чакырым болгон ички жана магистралдык суу түтүктөрү толугу менен төшөлдү;
- суунун корун сактоо жана керектөөчүлөргө үзгүлтүксүз жеткирүү максатында 50 м³ көлөмдөгү 2 даана жана 100 м³ көлөмдөгү 1 даана темир-бетон суу резервуары курулду;
- суу басымын туруктуу кармап туруу жана системанын үзгүлтүксүз иштеши үчүн зарыл болгон инженердик иштер аткарылды;
- айыл тургундарынын үйлөрүнө суу түтүктөрүн киргизүү иштери башталды жана улантылууда.
Учурда долбоор боюнча калган курулуш иштерин аяктоо, суу түтүктөрүн турак жайларга туташтыруу жана суу менен камсыздоо системасын толук пайдаланууга берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Таза суу инфраструктурасынын ишке киргизилиши менен Октябрь, Кум-Шоро, Кара-Суу жана Кенжебай айылдарынын тургундарынын таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгү жогорулап, калкты сапаттуу жана туруктуу суу менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: