Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылына 320 орундуу жаңы мектеп курула баштады. Ага Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан 48 миллион 790 миң сом бөлөрү пландалса, быйыл баштапкы курулушуна 5 миллион сом каралды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Анткени, айылдагы мурдагы мектептин имараты эскилиги жетип, авариялык абалда болчу. Ошого байланыштуу жаңы имарат салууга кайрылуу болгон. Бул маалыматты С.Кулматов атындагы орто мектептин жетекчиси Гулмира Омукеева тастыктап, төмөнкүлөргө токтолду.

«Жаңы-Арык айылында 2234 тургун жашаса, мектептен башталгыч класска кошумча тайпаларды кошкондо 370 окуучу билим алат. Бирок 3 корпустуу агартуучу жайдын бири 1978-жылы, экинчиси 1947-жылы салынган. Ал эми 3-имараты авариялык абалда болчу», – деди ал.

Эскертсек, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна “Кумтор Голд Компани” ишканасынын дүң кирешесинин 1% өлчөмдө акча каражаты которулат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.