КР Башкы прокуратурасы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) тергөөчүлөрү Н. Ажибаев менен З. Оморбековго, журналист Эльнура Алкановага карата мыйзамсыз козголгон кылмыш иши боюнча “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” жана “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Чыр эмнеден чыккан?

2017-жылы журналист Эльнура Алканова, мурадгы президенттин уулу Максим Бакиевге тийиштүү “Идеал Хаус” шаарчасынын сатылган коттеджтери тууралуу бир нече сюжеттерди даярдаган.

Журналисттик тергөөдө арзан сатылган мүлккө мурдагы экс-премьер Сапар Исаковдун жана БТА Банктын төрагасы Темир Рыскуловдун тиешеси бар экендиги аныкталган. Маалымат боюнча, Рыскулов Исаковдун классташы жана бизнес-өнөктөшү болуп чыккан, алардын ортосунда чиновниктин бир тууганы Капар Исаков да пайда болгон.

Журналист Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш козголгон. Алкановага чет өлкөгө чыгуу 5 жылга тыюу салынган.

Ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Башкы прокуратура менен УКМКга журналисттик макалалар боюнча өзү кайрылган. Бирок кызматтар премьердин жана Капар Исаковдун тиешеси бар экендигин тапкан эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.