Икрам Илмияновдун кылмыш иши Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалымат боюнча, президенттин экс-кеңешчиси Икрам Илмиянов $150 миң каражат менен мыйзамсыз алуу боюнча Жаза кодекстин 204 беренеси (Митаамчылык) боюнча шектелген. Аны менен Салык кызматынын инспектору Р. Шакиров КР Жаза кодексинин 320 беренеси боюнча (кыянаттык менен пайдалану) шектелген.

2019-жылдын 8 июлунда айп акты толтурулуп кылмыш иш сотко жөнөтүлдү.

Эскертсек, Илмиянов -жылы Татарстандын Казань шаарынан кармалып Бишкекке жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.