«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң жолкырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдынкөрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% кыскарды. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айып пул 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн.
Эскертсек, «Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тартып үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан 3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталган. Ошондой эле айыппулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга айыппулду 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: