Быйыл “Кумтор Голд Компани” дүң кирешесинин 1% өлчөмүнөн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна 575,5 миллион сом которору белгилүү болду. Бул боюнча байкоочу кеӊештин мүчөлөрү аткарыла турган иш мерчемди бекитти.

Маалыматка ылайык, бул жылы алтын кенден которулган акчаларга кошумча, 2018-жылдын планынан калдык калган 124,4 млн сом да камтылат. Бул каражаты социалдык обьектилердин курулуш иштерине, инфрастуруктуралык иштерге, жана кайра иштетүү долбоорлорго жана айыл чарбачылыкка басым жасалат. Ал эми фонддун жетекчиси Алдаярбек Тойгоналиев курулуп жаткан объектилердин сапатына жана коопсуздугуна тыкыр көнүл бөлүп, курулуш компаниялардын өкүлдөрүнө келишимдеги милдеттерин так аткаруу талаптары коюлгандыгын баса белгиледи.

«Кумтөрдөн бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу зарыл. Айрыкча социалдык, маданий, спорттук объектилердин курулушу, айыл чарба багытындагы техникаларын сатып алуу жана айыл-аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалышы керек»,-деди ал.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.