Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 2019-2023-жылдарга КР киберкоопсуздук Стратегиясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек үстөл өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, көрсөтүлгөн стратегияны ишке ашыруу өзгөчө маанилүү.

«Биздин жашообуз электрондук режимге өтүп жатат, мындан улам биздин коомдо киберкоопсуздуктун белгилүү бир тобокелдиктери жана маселелери келип чыгат, ошол сыяктуу эле дүйнөдө дагы жөнөкөй жаран үчүн гана эмес, бүтүндөй мамлекет үчүн актуалдуу болуп саналат», – деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, мамлекеттик жана корпоративдик кибертыңчылык, ошондой эле  зыяндуу программалык продуктулардын жардамы менен ишке ашырылуучу маалыматтарды жашыруун топтоо кампаниялары зор масштабга ээ болууда.

Жеңиш Разаков белгилегендей, мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн анын киберкоопсуздугун, электрондук маалыматтык ресурстардын, тутумдардын жана маалыматтык-коммуникациялык инфраструктуранын ички жана тышкы коркунучтардан корголуу деңгээлин камсыздоо зарыл.

«Бул шартта Кыргызстан улуттук экономиканы санариптик трансформациялоонун жеке кыймылын жана жарандардын заманбап санариптик тейлөөлөргө карата жеткиликтүүлүгүн камсыздоону ишке ашырууда», – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Бет ачардын жүрүшүндө белгиленгендей, Стратегиянын негизги максаты жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин кибермейкиндиктеги маанилүү кызыкчылыктарын коргоого жана өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, анын ичинде улуттук экономиканын санариптик трансформацисын камсыздоого мүмкүндүк түзүүчү коопсуздук деңгээлин камсыздоо үчүн улуттун киберкоопсуздук саясатын түзүү болуп саналат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.