Бүгүн, Ош шаарында “Мыкты мугалим-2018” кароо-сынагынын финалдык баскычы өтүп, мыкты мугалим аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Кароо-сынакка жалпысынан 30 мугалим катышты. Мыкты мугалим-2018” сынагынын финалына 5 мугалим чыгып, баш байгени № 31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин математика мугалими Клара Байыева алып, 40 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

  • 1-орунду камсыз кылган “Олимп” мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Гүлнур Шерипбаевага 30 миң сом берилди;
  •  2-орунду № 17 Ю. Гагарин атындагы мектеп гимназиясынын башталгыч класс мугалими Кыялбүбү Аликеева ээлеп, 20 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды;
  •  3-орунга № 19 Шевченко атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Зулхумор Самиева чыгып, 15 миң сом алды.

 Ал эми, № 37 Г. Айтиев атындагы орто мектебинин чет тили мугалими Айтбү Токтоназарова жигердүү катышкандыгы үчүн атайын грамотага ээ болуп, 10 миң сом берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.