Кыргызстандын эки шаарында – Токмок менен Ноокаттын тургундары жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышууда.

Долбоор 2018-жылдын декабрында “Бюджеттик процесстин ачыктыгы жана жарандык катышуу” Нидерландынын элчилигини каржылыгы менен Саясат жана өнүктүрүү институту жана “Борбордук Азиядагы Евразия Фонду” менен бирге өлкөнүн жарандарын жергиликтүү деңгээлде каржылык жактан программалоого тартуунун максаты менен ишке ашырыл жатат.

2017-жылдан тартып Кыргызстанда жаңы Бюджеттик кодекс күчүнө кирген. Ал боюнча жергиликтүү органдар бюджетти проммалык форматта түзүүгө милдеттү. Бирок, бардык эле шаар менен айыл өкмөттөрдө жаңы эреже менен иштеген жок, ошондуктан, долбоордун максаты жергиликтүү бийликке Бюджеттик кодекс менен бюджетти түзүү болуп саналат.

Астыбыздагы жылдын февраль-мартында Токмок менен Ноокатта “Жергиликтүү органдар чечим кабыл алууда жарандардын катышуусу” деп аталган үч күндүк тренингдер өттү. Иш чарага жергиликтүү тургундар, аппараттардын, кеңештердин, райондук органдардын жана өкмөттүк эмес түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Тренингде катышуучуларга процессте жарандык катышуу, жергиликтүү органдар менен коомчулуктун өнөктөшү, жана керектик боюнча мониторинг менен пландаштырууну өткөрүү боюнча айтып беришти. Андан сырткары, социалдык-экономикалык өнүүгү программасын анализдеп түзүү боюнча катышуучулар кеңеш алышты.

«Тренингдин негизги максаты – мэриянын кызматкерлерин, жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана коомчулуктун активдүү катышуучуларын шаардын приориттерин аныктоого үйрөтүү. Анткени, социалдык-кономикалык өнүктүрүү программасын түзүү үчүн жергиликтүү коомдун орчунду маселесин билүү керек», – деп Саясат жана өнүктүрүү институтунун тренери жана эксперти Азамат Мамытов белигледи.

Окуудан кийин Токмок жана Ноокаттын мэрияларынын кызматкерлери жергиликтүү тургундардын арасынан коомчулуктун приоритеттүү маселелери боюнча сурак өткөрдү. Маалыматты иштеп чыккандан кийин, муниципалитеттин кызматкерлери кайсы суроолорду биринчи чечүү керектигин аныкташты.

«Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзгөндө бул маселелерге көңүл бурулуш керек. Биз Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын кантип, ким түзүп жана аны ишке ашыруу жолдорун айтып бердик. Жакында Экономика министрлиги бул боюнча методикалык пособиесин иштеп чыккан», – деди Мамытов.

Тренингдин катышуучулары Программаны ким ишке ашырып, мониторинг жана анализдөөнүн ыкмалары менен таанышты.

«Бул долбоор аябай керектүү, анткени жөнөкөй адамдар шаардын бюджетин пландаштыруусуна катышат. Ноокат шаар деп саналганы менен, бизде өнүктүрүү боюнча эч кандай план жок. Биз жергиликтүү бийлик шаарды өнүктүрүү боюнча калктын астындагы кандай жоопкерчилиги бар экендигин да билген жокбуз. Тренингдин алкагында биз шаардын бюджети кантип түзулөт, жергиликтүу органдар кандай ишти алып барат жана карапайым элдин катышуусу боюнча маалым алдык. Биз Ноокаттын программасын түзүугө катышып, долбоор биздин шаарыбыздын маселелерин чечип башка шаарларга да окшошуп калат деп үмүттөнөбүз», – деди Ноокат шаарынын тургуну,  «Жамааттар күчү» Коомдук фондунун жетекчиси Дильбар Баркитова.

“Бюджеттик процесстин ачыктыгы жана жарандык катышуу” долбоорунун алкагында, мэриянын кызматкерлери чогулткан маалымдын негизинде эксперттер социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүүсүнө жардам беришет. Кийин маанилүү жерлери программдык бюджетке киргизилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.