Жайкы туристтик мезгилде Балыкчы шаарынын айлампа жолуна авто тыгын жаратпоо үчүн балык саткандар атайын базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Азиз Асаналиев билдирди.

Анын айтымында, бул мезгилге чейин калаанын борбордук көчөлөрүндө жана айлампа жолунун тегерек-четине 100дөгөн адам балык сатып, унааларга тыгын жаратчы. Бул жылы жайкы туристтик мезгилге карата айдоочуларга жана келгин туристтерге ыӊгайлуу шарт түзүү максатында жаӊы базардын курулушу аяктап калды.

«Балыкчы шаарынан Бишкекти көздөй чыга бериш жолго 2017-жылдан бери балык сатуучу базар куруп жатканбыз. Аны жергиликтүү бюджеттен 4 миллион, 415 миӊ сом каржыланды. Сатуучулар менен кардарларга бардык шарты ылайк келет. Себеби 100 орунга эсептелген имараттын ичи салкын, суу, даараткана камтылган»,-деди Асаналиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.