Бүгүн, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында «Ысык-Көл 2019» эл аралык туристтик жарманкеси уюшулууда. Расмий иш чараны КР вице-премьери Алтынай Өмүрбекова ачып, туризмдин деңгээлинде өсүш байкалганынын билдирди.
“Дүйнөдө туристтердин агымы рекорд жаратканын эл аралык туристтик уюмдар билдирүү жасады. Ошондой эле ички дүң продукциянын 10 пайыз түзүп, экономиканы жогорулатууга салым кошууда. Ошондуктан Кыргызстан да артта калбаш керек. 2018-жылы ички дүң 27,8 млрд сомго чыкты, чекене соода 4 млрд сомго көп болду. Алдыда өлкөдөгү ички туризмди өнүктүрүүгө “Мен мыкты саякатчымын” аттуу сүрөт, видео конкурс уюшулат”, – деди Өмүрбекова.
Ал эми иш-чарага маданият маалымат туризм министри, бийлик өкүлдөр, жергиликтүү жана башка облустардан келген ишкерлер, пансионат ээлери катышууда. Андан сырткары жарманкеге Казакстан, Ѳзбекстан, Орусия, Грузия, Монголия жана Азербайжан мамлекеттеринен да компания ээлери чакырылган. Чет элдик коноктордун келүүсү жайкы туристтик мезгилде ар тараптуу келишим түзүп, кызматташууга багытталат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: