УКМКнын Тергөө башкы баршкармалыгы тарабынан Икрамжан Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен $150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
“2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С. Илмиянов КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды”, – деп билдирүүдө белгиленген.
Азыркы учурда Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: