“Кумтор Голд Компани” ишканасынан түшкөн дүң кирешесинин 1% Ысык-Көлгө которулат. Эсебинен Ак-Суу районунун 3 айылына 3 миллион 450 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусунан билдирди.
Маалыматка ылайык, акча каражаты бала бакча, мектептин капиталдык оңдоо иштерине жана жаштар борборуна эмерек алынып берилген. Учурда 270 орундуу бала бакча ийгиликтүү иштеп жатат.
“Райондун Кереге-Таш айылына 1970-жылы курулган. 60 орундуу бала бакчанын эскилиги жетип 2009-жылы Республикалык каржылоонун негизинде 12 млн сомго 90 орундук бала бакчанын курулушу башталган. Бюджеттин тартыштыганан Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 2,5 миллион сом каралып, имараттын чатыры жабылды. Ошондой эле Сары-Камыш айылындагы 120 орундуу бала бакчага фонддон 1,5 млн сом бөлүнүп 1,2-корпустардын чатыры ички-тышкы ремонт иштери жүргүзүлдү. Ал эми 2018-жылы дагы 350 миң сом каралып, кошумча керектүү эмеректер камсыздалды. Мындан сырткары, Кайырма-Арык айылына «Жаштар борборун» ачуу үчүн 2,7млн сомго капиталдык ремон иштери жүргүзүлгөн. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан өздүк салымга 400 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 35 миң сом каралып эмеректер менен толукталды”, – деди фонддун басма сөз катчысы.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: