Ысык-Көл облустук ИИБ алдына калкка оӊой, ыкчам кызмат көрсөтүү максатында «Бирдиктүү терезе» борбору иштеп баштады. Имараттын ички- сырткы курулушуна «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунан 1 миллион 735 миӊ сом каржыланды. Ал «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылдыгынын алкагында ишке ашкандыгын борбордун жетекчиси Бакыт Молдоканов билдирди.

Анын айтымында, жарандар соттолгону же соттолбогону жөнүндө маалымдаманы, кызматтык жана жарандык ок атуу куралдар, коркунучтуу жана жарылуучу зат үчүн лицензия, кооптуу жана жарылган жүктөрдү атайын унаа менен коштоо уруксаат кагаз берилет. Мурда тиешелүү иш кагаздарды айрым жашоочулар Бишкек шаарынан алып келишсе, эми Каракол шаарынан 3-5 күн жана 1 жумада берилет.

«Мурда жарандар бир маалымдама алыш үчүн Бишкек шаарындагы борборлоштурулган базадан алып кетишчү. «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фондусунун көмөгү менен өз убагында акча каражаты бөлүнүп, жаркыраган имарат ишке берилди. «Бирдиктүү терезе» аркылуу эми алыскы жана жакынкы айылдарда жашагандар акчасын, убакытын үнөмдөп иш каназдарды ала алышат. Алыскы райондогулар онлайн аркылуу жеринен буйрутма берип, 1 аптада бекер алып кетсе болот», – деди Молдоканов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.