Дүйнөдөгү эң бийик тоодо жайгашкан, ири алтын кендеринин бири «Кумтөр алтын кени». «Кумтөр Голд Компани» иштеген 24 жыл аралыгында Кыргызстан аймагындагы төлөмдөр $3 млрд 774 млн ашкан. Тоо кен өлкөнүн экономикалык өсүп өнүгүүсү үчүн салык кирешеси менен чектелбейт. Учурда элеттиктердин жашоо турмушун жакшыртууга, орто жана чакан бизнестерди ачууга үстөк пайызы аз микро кредиттик агенттиктерди иштеп жатат.
КГК түзгөн микрокредиттик агенттиктер Ысык-Көл облусунун Жети-Ѳгүз, Тоӊ райондору жана Балыкчы шаарында жайгашкан. Кредиттик агенттиктер жергиликтүү бюджеттин салыктарын көтөрүүгө чакан жана орто бизнес үчүн салым кошуу максатында 10-12%ыздык насыяларды 4 жылдык мөөнөткө чейин берүүдө.
Насыя алуучулардын катарында Балыкчы шаарынын тургуну 47 жаштагы Нурбек Койгелдиев да бар. Ал эки жыл мурда «Балыкчы Финанс» МКАсы (Микрокредиттик агенттиги) аркылуу пескоблок чыгаруучу чакан бизнесин баштаган. Учурда ишканадан 2 түр пескоблок, 4 түр таштаман (брусчатка) жана бетондон бардюр чыгарылат. Азыркы тапта 2 район, 1 шаарды буйрутма менен тейлеп, жергиликтүү бюджетке салым кошконуна ыраазы.
«Биз бетон иштетүүчү ишкананы ачууга 14 миӊ доллар өздүк салымыбызды жумшадык. Ошого карабай керектүү калыптар, тетиктерге акчабыз жетпей калды. Анан «Кумтөр Голд Компани» ачып берген «Балыкчы Финанс» МКАга кайрылдым. Бул жакта арзан пайыздык насыя берет деп күткөн эмесмин, болгондо да 500 миӊ сом насыя алдым. Албетте пайызы аз болсо да, төлөмгө чоӊ жоопкерчилик жүктөлөт экен. Ошого байланыштуу ишканам өзүн-өзү акташ үчүн атаандаштыкты жеӊип чыгуу башкы максат болду. Бизге окшогон жаӊыдан бутуна туруп келе жаткан мага окшогон ишкерлерге алтын кен багын ачты деп айта алам», – деди Нурбек Койгелдиев.
Нурбекдин ийгилиги ишке ашкан соӊ, кошумча 3 жумушчу орун түзүлгөн. Андагы жумушчу Кылычбек Асанбаев үй-бүлөсүн багууга чоӊ жардам болгонун жашырбайт. Пескоблок чыгарууда атаандаштык күч болгонун билип, өз ишине жоопкерчиликтүү, кылдаттык менен мамиле кылам, деди ал.
«Бул жагы Чолпон-Ата, Чырпыкты, Чоӊ-Сары ойдон келип атат. Көлдүн тескей тарабы Кара-Шаар, Ак-Ѳлөӊ айылдарынан бери келет. Күнүнө 400 пескоблок, 36 брусчатка чыгара алабыз. Тапкан кирешебиз өзүбүзгө жетет. Эгер биздин жетекчи бул бизнести ачпаганда мен күнүмдүк жумуш издегенге туура келмек. Жашоочулардын камын ойлоп ушундай шарт түзүп берип жаткан Кумтөрдүн жетекчилерине ыразыбыз», – деп Кылычбек белгиледи.
Тагыраагы, “Кумтөр Голд Компани” аркылуу ишке ашкан “Балыкчы Финанс” МКА 2012-жылдын январь айында түптөлүп, тоо кенден 15 миллион сом бөлүнгөн. Анда калктын социалдык экономикасын көтөрүү максатында 1375 жаран насыя алып, 726 жумушчу орун түзүлдү. Андан сырткары, 8 жыл аралыгында микрокредиттик агенттик Балыкчы шаарынын жергиликтүү бюджетине 6 миллион 230 миӊ сом милдеттүү салык төлөнгөнүн микрокредиттин жетекчиси Руслан Букар уулу белгиледи.
«Балыкчынын элин жакырчылыктан чыгаруу максатында Кумтөр Голд Компани бизге да МКА ачууга көмөк көргөздү. Жеӊилдетилген насыяны калк арасы көбүнчө соода-сатык өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууга, кичи жана орто бизнести ачууга алып жатат. Насыя алгандар туура жана максаттуу пайдаланууда. МКА алгач 15 миллион сом менен башталса учуда портфели (айландырганда) 57 миллионго жетти. Насыянын эсебинен көбүнчө нан бышыруучу жай, тигүүчү цехтер, кафе, дүкөн ачуу же бизнесин кеӊейтүүгө, курулуш ишканаларга жумшалды», – деп Руслан айтып берди.
Ал эми айыл чарбасы менен мал чарбасынан пайда табууга бизнес баштагандар “Жети-Ѳгүз Финанс” менен “Тоӊ Финанс” МКАларында арзандатылган насыя алууда. Жалпылап айтканда 13 жыл аралыгынан бери микрокредиттик агенттиги аркылы 8 миӊ үй-бүлө насыя алган. Убагында (“Жети-Ѳгүз Финанс” 2006-жыл, “Тоӊ Финан” 2011-жыл, “Балыкчы Финанс” 2012-жылда МКА түзүүгө) Кумтөр 220 миллион сом берсе, 259 миллион кредиттик портфель болуп чогулуп, үстөк пайыздан түшкөн акчалар биригип 1 миллиард, 140 миллион сомго жеткенин долбоордун жетекчиси Кеӊешбек Дүйшөмбиев айтат.

«Коммерциялык насыя берүүчү банктардан айырмабыз абдан чоӊ. Мисалы алар кардарга көп суммада акча бергени менен 25-30% пайыз акчаны өндүрүп алышат. Ал эми биздин агенттик мейли кайрылгандар орто бизнес түптөйбү же өзүнүн үй-бүлөсүнө киреше алып келүүчү булак ачып бутка тургузабы 10-12% менен 4 жылдык мөөнөткө чейин мүмкүнчулүк түзүп беребиз. Эгерде, кардарлар төлөй албай калса убактысын узартып берүүгө да мүмкүнчүлүк болот. Тоӊ жана Жети-Ѳгүз райондору акчаны айыл чарба багытына жумшаса, Балыкчылыктар бизнес ачууга, соода-сатык иштерине алышат. Кепилдик үчүн күрөөгө кыймылсыз мүлк, жер тилкеси үй жана батир коюлат. Негизгиси “Кумтөр Голд Компанинин” иштөөсү облуска ийгиликтүү таасирин калтырууда», – деп Кенешбек Дуйшембиев жыйынтыктады.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: